www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Apple корпорациясынын жаңы iPhone 7 жана 7 Plus смартфондору ачык-кызыл түстө чыгарылды. Ошондой эле жаңы видео тиркеме жана iPad сунуштады. Алар сатыкка 24-марттан тарта чыгарылат деп кабарланды.
Смартфондордун баасы Орусияда 60 990 рубль (болжолу миң доллар) жана 70 990 рубль (болжолу бир миң эки жүз доллар) деп айтылып жатат.
Компания СПИДке каршы күрөшүү программасы - RED менен иштешип жатканына он жыл толгонун белгилеп, атайын сериядагы телефондорун кызыл түстө чыгарган. Сатыктан түшкөн каражаттарынын бир бөлүгүн СПИД менен күрөшүү боюнча глобалдык фондго которот.
СПИДке каршы күрөшкөн RED программасы U2 тобунун солисти Боно тарабынан негизделген. Компания белгилегендей, RED каражаттарын сатуудан муктаж болгондорго130 миллион долларга чукул каражат жыйналган.
Маалыматтарда айтылгандай, iOS жана жаңы iPad үчүн видео тиркеме чыгарылды. Clips деп аталган тиркеме аркылуу кыска клиптерди смартфондо эле монтаждап алууга болот экен.
Булак: "bbc.com"