www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын эң популярдуу ырчы мырзасы аталып, жеке жашоосун ар дайым сыр кылып катып келген Айкын Толепберген биздин сайт үчүн бүгүн агынан жарылды!  

- Айкын, кепти эң алгач продюсериңден кетүүңдөн баштасак...

- Продюсеримден ортодогу келишимдин аягына чыкканына байланыштуу аны узартпастан өз алдынача иштөө үчүн кеттим. Продюсерим Эрик Тастембеков менен жети жыл иштеп, бир топ тажрыйба топтой алдым. Баардыгы үчүн “Босско” ыраазымын! 

- Учурда “Босс” сага тоскоолдук кылбай элеби?

- Кетээрде жайолтуруп сүйлөшкөндө мени ар дайым колдоп тураарын айтып, жакшы узаткан. Эркектик сөзүнө туруп азыр мага жол көрсөтүп, кандай гана долбоорлорду баштасам дагы кеңешин берип турат. Баштагы мамилебиз азыр эч өзгөрүлгөн жок.

- Чыгармачылыкка аралашканыңдан бери жубайың, уулуң бар экенин эч ачыктабайсың. Эмнеге?

- Жашырып келгеним чын. Бирок, азыр көпчүлүк билип калды. Былтыркы жылы жубайым кош бойлуу кезинде клибиме тарткан соң, баары таанып калышты. Бир мезгилде баарын жашыруу керек болгон. Ал убак өтүп кетти. Азыр “Сен үйлөнгөнсүң го... Аялың бар да” дешсе, “Ооба, үйлөнгөм. Аялым бар” деп жооп берем.

- Социалдык тармакка сулуу кыздар, кесиптештериң менен көп сүрөт жүктөйсүң. Жубайыңдын бир дагы сүрөтү жок. Бул нерсеге жубайың кандай карайт? Кызганчаак эмеспи?

- Жубайым мен ырчы боло электе эле жанымда болчу. Ал мени толугу менен жакшы билет. Менин ар бир ийгилигиме кубанып, кайгырсам көңүлүмдү көтөргөн жубайым бар болгонуна ыраазымын! Көп жылдан бери бирге болуп, баардыгына көнүп калган. Кызганганын да билдирбейт. Чыгармачылыгыма кийлигишпейт. Болгон жерге өзүм барып, иштеримди бүтүрөм. Жубайымдын өз иши бар.

- Жубайың менен каяктан тааныштың эле?

- Алматада ЖОЖда окуп жүргөндө таанышканбыз. Бир көрүп эле жактыргам десем жаңылышпайм. Алгачкы таанышкан күндөн ушул күнгө чейин биргебиз.

- Бактыңар түбөлүктүү болсун! Сага ийгилик!

- Кубанычтамын!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости