www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арактын дубасы бар дейби?

Болгон окуя экенин эсиңиздерге салабыз. Мындан бир топ жыл илгери, колунда бар кишинин жалгыз баласы ичкиликке берилип кетип, кыйын деген молдокеге алып барыптыр. Молдоке баланы көрүп, анан атасына айтат, баласына угузбай:

-Эртең ушул маалда балаңды алып келгендей бол. Ал эми азыр болсо мага бир шише арак алып келип бер.Калганын эртең көрөсүң дейт. Курган ата менен эне бала үчүн баарына кайыл эмеспи. Молдокенин айтканын аткарып, бир шише арак алып келип берип коюп, изине кайтат да анан эртеси айтылган учурда баласын кайра молдокеге алып келет. Молдоке арактын оозун ачып, стаканга куюп туруп, балага сунат. Бала мындайды күтпөгөн үчүн стаканга куюлган аракты алып, ичип жибериш үчүн оозуна жакындатып келип күтүлбөгөн окуяга туш болот. Бала, колундагы стаканды ыргытып жиберип эле, бакырып чалкасынан кетет.

Эмне болуп кеткенине атасы түшүнбөй да калат. Анткен менен бала ошол окуядан кийин такыр арак ичпей калган экен. Анткени бала арак ичкени арак куюлган идишти оозуна жакындатканда эле көзүнө дароо жылан соймолоңдоп көрүнүп, ичкилике болгон табитин жоготуп,колуна арак кармагыз кылып салган экен.

Көрсө молдоке ушундай бир күчтүү дубаны баланын атасы алып келген аракка окуп, баланы арактан алыстатканы айтылат. Чындап караганда аракты таштатыштын дагы дубасы бар экен.

Бирок, ал дубаны чанда бир киши окуйт имиш, алиги молдокенин айтуусунда. Андыктан, молдокелер, ошол дубаны таап үйрөнүп алсаңыздар, көп кишиге жардам берген болот элениздер.

Б.Б.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости