www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Сиз мамлекетте тартип болушу керек деп келатасыз. Жаңы жылдан баштап жаңы мыйзамдар күчүнө кирди. Эми түкүрүп койгон кишиге эле 5500 сом айып пул салынат. Элди айып пул салуу менен тартипке чакырса болобу?

— Өзү тынымсыз тамеки тарткан, күн сайын мас болуп үйгө келген ата балдарына “Сен тамеки тартпа, арак ичпе” деп айта албайт. Ошол сыяктуу мамлекетте тартип болбогондон кийин коомдон тартипти талап кылыш бул- акылсыздык. Мамлекеттин өзүндө, Өкмөттө, Жогорку Кеңеште тартип барбы? Жок… Жок… Миң жолу айтам жок. Анан кантип тартипти сакта деп талап кыла аласың? Бишкек шаарындагы көчөлөрдү карап көргүлө. Союздун учурундагы жалтыраган көчөлөрдүн изи дагы калган жок. Курулуштар жөө баса турган жерлерге чейин чыгып кеткен. Ким колунан эмне келсе ошону жасап жатат. Жапайыга айланып кеткен шаарда түкүрүп койдуң деп айып пул салыш — ​бул күлкүлүү көрүнүш. Ал жерлерде түкүрүп эмес, башка нерселерди дагы жасап жүрсө болот. Бишкекти бөлүп өткөн кичинекей канал бар. Ошонун ичин биринчи карачы айланайын. Мектептин, бала бакчанын тушунан өткөн арыктардын ичин карап көргүлөчү. Кум толуп, ирип-чирип, анын ичинде эмнелер гана жок. Иттин өлүгүнөн бери жатат го. Шаардын кебетеси ушул да, анан түкүрүп койдуң деп 5500 сом аласыңбы? Маданият, тартип, талап күчтүү болушу керек. Бирок, бийлик өзү ошого үлгү болушу шарт. Баласын ичпе деп айтыш үчүн ыйманы бар, зыңкыйып кийинип таза жүргөн, арам оокатка барбаган кишинин укугу бар. Өзү кайсыл жерде олтурганын билбеген, бир нерсе деп айтайын десе тили булдуруктап калган ата баласына ичпе деп айта албайт. Ушул сыяктуу бүгүнкү Өкмөт элден талап кылганга моралдык укугу жок. Адам канчалык сабатсыз болсо, мыйзамдар ошончолук келесоо болот. Макул, бирөө түкүрдү дагы аны 5500 сом төлөттү. Жанындагы киши чимкирсе эмне кылат? Чимкиргенге айып пул сала турган болсо “Кайсыл мыйзамдын негизинде салып жатасың?” деп айтат. Ал нерсе мыйзамда жок. Түкүрүк меники эмес деп далилдей турган болсоң, лабораторияга алып барып текшертиш үчүн 7000 сом керек экен. Байыркы Римде Марк Туллий Цицерон деген аябай күчтүү оратор, акылман, сенатор болгон. Ошол киши “Империянын кыйрашы канчалык жакындаган сайын мыйзамдары ошончолук акылсыз болуп жаралат” деп айткан. Түкүрүккө 5500 сом деп кайсыл акылман ойлоп тапканын билбейм. Туура, мыйзамды бузган киши катуу жазаланышы керек. Жазаланган киши дагы ошого ыраазы болуп, катачылыгын мойнуна алышы зарыл. Бизде эң көп акча берип жумушка кирген тармак бажы кызматы болчу. Азыр МАИ кызматына же болбосо милицияга кирүү өтө баалуу болуп калат. Себеби, 17500 сом төлөгөн жакшыбы же 3000 сом берип коюп кете берген жакшыбы? Эми бажы кызматкерлерине караганда МАИ кызматкерлери бат байый турган болот. Айып пулду адам аралашпай, Европадагыдай аппарат чечип жатса мен дагы баракелде деп кол чабат элем. Тилекке каршы бизде адам чечип жатпайбы.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости