www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызалтындын” кыймылдаткыч күчү болгону менен Алмаз Алибеков уктап жатат дешет. Ойгон Алмаз ойгон, “тезка” Алмаздын заманы бүт боюу уктап жаттың, “Кыргызалтынды” кыймылдаткан “Макмалалтынды“ алтынын малып жеп Амантур деген карышкырлар кайсап, анын мындай алкымы кенен экенин билишкен “черныйлар” Нарындын суусуна салып өлтүрөбүз дешкенде, кудайдын парманы менен аман калган. Балким Ак үйдөгү “крышасы” Чыныбай Турсунбековдун ак батасы тийгендир, анткени  “Макмалалтында” жүргөндө байма-бай каттоочу дешет. “Макмалалтынды” эшек оонагандай кылып таптаза тазалаган соң үргүлөп жаткан, Алмаз Алибековдун башын аттаган орун басары Казаковдун батасы менен Кара-Балтада алтын аффинаждоочу комбинатка директор болуптур. Алмаз Алибеков ойгон, балким Алмаз Атамбаев кеткени колуна карга чычпай калгандыр, Казаков деле кыйраткан жигит эмес, ал мамлекеттин акчасын жеп камалган Маммүлктүн жетекчиси Болсунбек Казаковдун кара чечекей иниси. Болсунбек мырза борго байланган боруктай чампалай коюп эркиндикте жүрөт. “Тоок уурдасаң камакка, завод уурдасаң тамакка” деген сөз чын болсо керек.

Эми булар өздөрү аз келгенсип Амантур деген арам тамак, алдамчы адамды Кара-Балтанын алтынын бийлете баштады. Деги карышкырларга кой кайтарткан жокпузбу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости