www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунда картошка эгиле баштады

Кечээ, 5-февраль күнү Араван районунун Араван айылында картошка эгилди. Бул тууралуу дыйкан Акбаржон Рустамов билдирди.

Анын айтымында, быйыл 45 сотых айдоо жерине картошка эгүүнү баштаган. Ноокаттан 1 кг картошка уругун 25 сомдон сатып алып, 45 сотых жерине 1 тонна 300 кг урук экти. Учурда эгилген картошкалардын үстүн кленка менен жаап жаткан учуру.

«Көп жылдан бери эле эрте картошка эгип келем. Эрте эгилген картошканын түшүмү кийин эгилген картошкаларга караганда азыраак болот. Бирок эрте бышырып, базарга эрте алып чыгып кымбат сатабыз. Картошканы кийин эксең да азыр эксең да айырмасы жок. Азыр эккен картошкаларды 40 күндөн кийин 15-20-март айларында кленкадан чыгарып, астын чаап, 1 сотыхка 5-6 кг жер семирткичтерин берип, суу коюп, жакшылап карап, андан кийин азот берип, май айларынын аягына чейин бышырабыз. 45 сотых жерден 6-7 тонна түшүп алабыз. Картошканы казып алгандан кийин ордуна дарбыз, бадыраң эгем», - деди ал.

Акбаржон Рустамовдун 4 уулу, 6 небереси бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости