www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен 2017-жылы үйлөндүм эле. Аялым туура эмес иштерди кылып жүргөн экен. Төрөгөндөн кийинки 1 айда баары билинди. Мага бирөөлөрдүн аялдары жаза башташты. «Катыныңды тый, эрим менен жүрөт. Балдарымды жетим калтырып жатат» дешип. Төбө чачым тик турду. «Жүрсөң да бойдоктор менен жүрбөйсүңбү?» деп аялым менен урушуп кеттик.

Эшикке үйгө кийген кийимдери менен чыгып кеткен, ошол бойдон келбей койду. Баланы таштаган боюнча кетти. Кичине баланы багыш оор болду. Үйүнө «баланы ал» деп барсак албай коюшту. «Детдомго тапшырып сал» деди. Албай койду. Жалгыз багып келе жатам. 2 жыл үйдөн чыкпай карадым, азыр нянка кыз карайт. Өзүм иштейм. Азыркы ишим эптемей. Тапканымды нянкага берем, азык-түлүк, квартира ушинтип эле араң жеткизем. Өзүм 24 жаштамын. Атам, карындаштарым эле жардам бербесе, апам жардам бербейт.

Апам «баланы жоготосуң, анан киресиң үйгө» деген. Үйгө да бара албайм, аларды деле сагындым, жашоонун бир бурчуна келип калгандай эле болуп жатам. Балам өзү сонун, акылдуу, сезимтал. Адамдан чоочуркабайт. Кыйналдым. Иштеп бутка туруп, жакшы жашагым келет. Ошондуктан балама мээримдүү апа издейм, үйлөнсөм, баламды аялым караса, мага иштегенге убакыт да болмок. Очор-бачар болуп, бактыбыз да ачылып кетсе...

Айдар

Последние новости