www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат талдоочу учурдагы бийликке сын пикир, сунушу менен бөлүшүп, талуу маселелерди айтканга аракет жасады.

- Башынан эле оппозициялык пикир айтып келесиз. Кадр алмашуулар, биринчи кадамдар кандай ойдо калтырды?

- Мен башкалардан айырмаланып, жаңы келген президент өлкөбүздү өзгөртүп жиберерине башынан ишенген эмесмин. Алардын сүйлөгөн сөздөрү, жасаган иш-аракеттери, чечимдери, кадамдары буга чейинки тарыхы, үгүт учурундагы нерселер, акыркы топтогон командасы ич жылыткан жок. «Өлкөнү оңдойм» деген адам күчтүү премьер-министрди алып келип, ошого «эки тизгин, бир чылбырды» берип, «оңдо» дейт. Учурда эски Конституция менен иштеп жатабыз. Азыр кийлигише албайт. Ошондон коркпойт. Анткени артында эли бар. Ачык-айкын айтат. «Мен президент катары азырынча көп кийлигише албайм.

Бирок, жакшы конституциялык реформа өткөргөнгө чейин күчтүү премьер-министр алып келдим. Ал адам кыйынчылыктан сууруп чыгат. Тобокелчиликтерди азайтат. Кызмат кылып берет» деши керек эле. Антип айткан жок. Баягы илгерки салт уланып эле «чимкирик» парламент формалдуу түрдө жыйынтык чыгарып, «урматтуу президент» деп жагымпоздонушуп, президенттен келген буйрукту күткөнүн көрсөтүп жатышат. Бул компромисттик фигура экени, бийликти бекем кармап калуу аракети катары ачык-айкын көрүнүп калып жатат. Приоритетте элдин турмушун оңдоп, жакырчылыктан чыгаруу эмес, биринчи приоритет – бийликти бекемдеп калуу маселеси болууда.

Реформа жасаш үчүн үч нерсе керек: биринчиден, команда. Экинчиден, билим. Үчүнчүдөн, чечкиндүүлүк. Команда кандай болуп калды? Иштеп жаткандын баарын алды. Анча-мынча «коррупцияны жоготом» дегендерди жок кылды. Революциядан кийин кардиналдуу нерсени күтүп жатканбыз да. Бул катардагы өкмөт алмашуу эмес. Катардагы кеткен 32 премьер-министрдин бири эмес. Өзгөчө абалда турабыз. Эл ишенип, «эки тизгин, бир чылбырды» берди. Эми премьерминистрди жылдырганга Конституция жолтоо болбойт да? Турмушту оңдогонго Конституция жолтоо болобу? Айтор белгисиз...

Булак: Азия News гезити

Последние новости