www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү болгондой жакында саясатчылар Медет Шаримкулов, Аргынбек Малабаев, Керим Атамбаевдер «Улуу журт» деп аталган партия ачышып, анын биринчи жыйынын ЗООдөй адам менен Балыкчыда өткөрүшкөн.

Андан кийин түштүктө өткөрүшсө, бүгүн болсо чоң курултайын Бишкекте жүздөгөн адамдардын катышуусунда алгач «Жаннат» мейманканасында, андан соң «Ала-Тоо» ресторанында өткөрүштү.

Бул жаңы ачылган партиянын төрагасы болуп түштүктөн чыккан чоң бизнесмендердин бири, «Улуттар биримдиги» (качкында жүргөн Мелис Мырзакматовдун) партиясынан Ош шаардык кеңешинин мурунку чакырылышына депутат болгон Атамбаев Керим Жаныкович шайланганы маалым болду.

Бул адамдын «Холдинговая компания Оржемиль» ж.б. компаниялары бар. Буга чейин анын компаниясы салыктан жеңилдик алгандыгы боюнча сындар айтылган. Дагы бир айта кетчү маалыматтын бири бул партияны негизинен адигинелер түптөштү.

Албетте, жаңы ачылган партиянын алдыда шайлоого жалгыз барганга чамасы чарк, кадыры аз. Демек, бул да кайсы бир чоң партиялардын бирине кошулуп, соодалашуу саясатын жүргүзөрү турган иш.

Булак: Багыт гезити

Последние новости