www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик экотехинспекциясынын эки тизгин, бир чылбырын алкомагнат Абдыкеримов Шаршенбектин аркасы менен алганга жетишкен Жунушов Жолдошбек дагы Кызыл-Омполдогу уран казыла турган болсо айлана-чөйрөгө, Ысык-Көлдүн экологиясына кандай зыян тийерин айта албай, оозуна талкан жутуп алгандай эле болду.

Чынында Жунушов уранды эмес, өзү жетектеп жаткан Мамэкотехинспекциянын башка деле элементардык ишин өңдүү билбейт. Анда кайдан урандын зыянына мээси жетсин. Ушундай мажирөө жетекчилер элди жыргатабы? Жогорку жактагы таасирдүүлөрдүн артын "тасырайта" жалап жүрүп, күн көрүп келаткан "күн тийген жердин күкүктөрүнүн" бири да. Жунушов да эл үчүн эмес, мансап, жеке кызыкчылык үчүн жаралган ишке жарамсыз кадр. Мунун да далай былыгы жакында чубалып чыга турган болуп турат. Ошондо актанганын көрөлү...

Булак: Багыт гезити

Последние новости