www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирияда режимдин ок атышпоону бузуулары тыйылбай жатат. Борбор шаар Дамасктын Тишрин районунда акыркы бир жуманын ичинде Асад күчтөрү уюштурган кол салууларда 20 жаран каза таап, 100 чактысы жараланды.

Асад күчтөрү Латакиянын элет жериндеги Түркмөндагына да кечээ бомба жаадырды.

Асад күчтөрү кечээ түшкү убактардан баштап оппозициянын көзөмөлүндөгү түркмөн айылдарына миномет жана ракеталар менен кол салды.

Келез, Караман, Саллур жана Йамади айылдары менен Карабибер жергеси бутага алынган кол салууларга оппозициячылдар да жооп кайтарышты.

Келез айылынын айланасында убак-убагы менен ок атышуулар болуп анда жарадар болгондор да бар экени билдирилүүдө.

Аймактан асманга көтөрүлгөн түтүн Хатайдын Сирия чек арасындагы Йайладагы районунан да көрүнүүдө.

Режим күчтөрү акыркы бир жуманын ичинде борбор калаа Дамасктын чыгыш жагында орун алган оппозицичылдардын көзөмөлүндөгү Тишрин районун да бутага алууда.

Аймакка 20 ракета атылды. Жарандык коргонуу топторунун урандылардын астында калгандарды куткарууга аракет кылып жатканы маалымдалды.

Сирияда кагылышкан тараптардын арасында Түркия жана Орусиянын кепилдигинде камсыздалган ок атышпоо келишими 30-декабрда күчүнө кирген.

23-24-январда өткөрүлгөн Астана сүйлөшүүлөрүндө болсо Түркия, Орусия жана Иран ок атышпоону бузуулардын алдын алуу үчүн үчтүк байкоо механизми түзүлүшү боюнча макулдашкан.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости