www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчүсү Швейцариянын Женева шаарында 10 айлык мөөнөттөн кийин бүгүн башталат.

Жолугушууларда ок атышпоо, жаңы конституция долбоору сыяктуу темалар алдыңкы планга чыгат.

Сирияда 6 жылдан бери уланган жарандык согушка чечүүчү жол табуу максаты менен тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун карагамында Женевада чогулууда.

Сүйлөшүүлөр үчүн Женевага жөнөгөн оппозициянын делегациясы Асад режими менен түздөн-түз сүйлөшүүнү жана талкуу жүргүзүүнү талап кылды.

Сирия оппозициясынын катчысы Салим ал-Муслат: «Толук ыйгарым укуктуу убактылуу башкарууну сүйлөшүүгө келдик. Бул айлампанын мындан мурдагы Женева сүйлөшүүлөрү сыяктуу болушун каалабайбыз. Бул ирет түздөн-түз сүйлөшүү жана талкуулоолорду талап кылабыз»,-деп айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура да жолугушуулардын алдындагы жарыясында: «Келишим үчүн «конструктивдүү бурулушту» күтүүдөмүн. Сириялыктарга саясий маселелерин сүйлөшүүлөрү үчүн экинчи ирет мүмкүнчүлүк берүү темасында чечкиндүүбүз»,-деди.

Түркия жана Орусия жол башчылык кылган Астана процессинин ок атышпоону чоң өлчөмдө камсыздаганына токтолгон Мистура, Астана жыйналыштарынын Женевада сүйлөшүлүп саясий процессти колдоого алганын баса белгиледи.

Мистура, Асад режиминен сүйлөшүүлөр болуп жатканда абадан кол салууларын токтотуусун Орусиянын талап кылганын айтты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости