www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жуманын башында Токмокто жагымсыз бир окуя болду. Айтсак, Токмок шаардык соту уурулукка шектелген адамды 5 жылга соттоп, 70 миң сом айып төлөөгө милдеттендирди. Туура кылмыш кылгандар, уурулар жазаланыш керек. Бирок, «бирок» деп баса белгилей турган нерсе бар экен. Ал кылмышка барган адамдын баласы ооруп, каражаты жоктугунан дарыканага келип шартын айтып, күрөөгө курткасын калтыруу негизи менен карызга дары сураптыр.

Сатуучу бербей койгондон кийин, эшикке чыгып кетип бир аз убакыттан кийин кайра кирип сатуучуга ээ бербей кассадагы 25 миң сомду алып кеткен. Көп өтпөй кылган кылмышын моюнуна алып, милицияга өзү барган. А түгүл алган акчасын да кайтарып берип, кылган күнөөсү үчүн кечирим сураган. Бирок, иш сотко чейин өтүп 14-май күнү Токмок шаардык сотунун судьясы Асанбек Тойгонбаев 70 миң сом айыпка жыгып кошумча 5 жылга кесиптир.

Калыстык деген кайда? Миллиондорду уурдагандарды үй түрмө менен чектеп, кысталган турмуштун айынан тобокелчиликке барган, анан калса милицияга өзү келген карапайым адамды соттогон сотко нааразычылык күчөдү. Эми аппелециялык арызды караган соттор ойлонушу керек. Болобсо, баласына дары алам деген бир куурагырдын тагдырын талкалаганы турат. Буга кайдыгер карабайлы замандаштар...

Булак: "De-facto"

 

Последние новости