www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Асейин Саралаев, «Ууру - элдин уулу» деген обондуу ыр жазып чыкты. Уураларга жазган ырын өзүнүн социалдык тармагы аркылуу окурмандарга жарыя кылды.

УУРУ- ЭЛДИН УУЛУ!
(обондуу ыр)

Уурулар «Элдин уулу» болгон кезде.
СИЗОго «элиталар» толгон кезде.
Сен дагы «элдик» болуп актанасың,
Чекисттер терезеңе конгон кезде.
Улуусуң «эл уурусу» түндөн бүткөн,
Сулуусуң «эл уурусу» күндөн бүткөн.

Чөнтөккө кол салышса бакырасың,
Эчкидей элдин баарын чакырасың.
Эл эмес «Күндүн уулу» болсоң дагы,
Бир чара кусуп, чычып, какырасың.
Улуусуң «эл уурусу» майдан бүткөн,
Сулуусуң «эл уурусу» айдан бүткөн.

Уурунун «Көк үй» башы, «Ак үй» чачы,
Соттору актап турган акак ташы.
Эшектер эшек бойдон кала берет,
Башына таксаң дагы алтын таажы.
Улуусуң «эл уурусу» чирик болгон,
Сулуусуң «эл уурусу» тирик болгон.

P.S Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал ырдын обону менен шаңшый бергиле, деп жазган белгилүү журналист Асейин Саралаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости