www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мага компаниянын ар кайсы аракеттерине көптөгөн нааразычылыктар түшүп жатат. Мындай пикирди "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк социалдык баракчасына жазып чыкты. 

--"Ардактуу достор!

Мага компаниянын же болбосо айрым кызматкерлердин ар кайсы аракеттерине көптөгөн нааразычылыктар түшүп жатат.

Ошондуктан "Кумтөр Голд Компани" ишканасында жашыруун ишеним телефону ачылат, ага компаниянын кызматкерлери, өнөктөштөрү, жеткирүүчүлөрү жана башка жактар мүмкүн болгон бардык бузуулар тууралуу билдирүү үчүн кайрыла алышат. Бул кызмат үчүнчү жак тарабынан башкарылышы мүмкүн.

Ишеним телефон байланышы 24 саат, 7 күн бою жеткиликтүү болот. Бул линия ачылганда, бул жөнүндө толук маалыматты өзүнчө жарыялайбыз.

Ишеним телефону коррупция маселелери боюнча билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн жана жалпысынан адилеттүүлүк принциптерине ылайык келбеген жана бузууга байланыштуу болгон ар кандай жагдай жөнүндө колдонулушу мүмкүн. Мындай билдирүүлөр менен иштегенде купуялуулук сакталат. Көйгөйлөр тууралуу маалымдаган адамдардын укуктарын коргоосуна кепилдик беребиз. Келген чалуулар да жашыруун болушу мүмкүн. Бирок, муну менен бирге, жалган же адаштыруучу маалыматты атайылап берүүгө жол берилбейт", - дейт Теңиз Бөлтүрүк. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости