www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менимче, Бабанов менен Абылгазиевдер каражаттан алгандан мурун документтерге аралашканы үчүн кармалып жатса керек, - деди бүгүн, 2-июнда NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Сонунбүбү Кадырова.

- Сонунбүбү эже, «Кумтөрдү» иштеткен компания менен кызматташып, алардын таламын талашкандарга кечирим болушу керекпи?

- Эгер ким туура эмес камалдым десе чындыкты чыркыратып айтып, алганын казынага төгүп, тынч өз оокатын мамлекеттик казынадан алыс барып кыла берсин.

- Бирок, камакка алынгандардын көбүн таза болчу, эл уулу болчу деген пикирлер да айтыла баштады го?

- Таза болсо камашпайт болчу. Керек болсо, Бабанов менен Абылгазиевге чейинки далай жетекчилер бар. Ошолор да камакка алынышы керек. Менимче, Бабанов менен Абылгазиевдер каражаттан алгандан мурун документтерге аралашканы үчүн кармалып жатса керек. Анткени, Кыргызстандын тарыхында бардык президенттер менен премьер-министрлерди «Кумтөр» маселесине келгенде таза деп айтууга болбойт. Ошолордун колу менен элдин байлыгы тонолуп, табийгатыбыз талкаланды. Алар адилеттүү болгондо мөңгүлөр мынчалык талкаланмак эмес.

Жаратылышыбызга мынчалык кыянатчылык болбойт эле. Ошон үчүн буларды камашканы туура эле.  Мен билгени эл «Кумтөргө» тиешеси барлардын камалышын кубаттап эле жатышат. Ал турсун чыгарып жибербесе экен деп турушат. Митингге чыгып, ызы-чуу болгондор алардын табакташтары. Жемкорлорду, элди көзгө илбей жегендерди аяган адам эл душманы десек болот. Эмнеге эл ачкадан тентип, жумуш издеп ойдогусу ойдон, тоодогусу тоодон өлүп келип жатса, балалыгы мээримсиз өткөн өспүрүмдөр асылып өлүп жатса аябай кайдагы арам тамак сүткорду аяшыбыз керек. Элдин азап тартканына ушулар түздөн түз күнөөлүү. Ошон үчүн камакка алынгандарга боштондук дебей «Кумтөрдү» иштеткен компания менен табакташ болгондордун баарын аёосуз камаш керек. Буларга араачы түшпөш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости