www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр" кени боюнча Акылбек Жапаровдун алдыга чыга калганы жарашпай калды. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди. 

--"Мындан бир топ күн мурда майдын 13-дө "Кумтөр" кени боюнча Акылбек Жапаровдун алдыга чыга калганы жарашпай калды... Буга чейин алтын кенинин тегерегинде чалынып келген аталага тиешеси бар болгондон кийин кетенчиктеп тура турса болмок экен... Чоң ишке көлөкөсү түшүп калуусу ыктымал... Анын үстүнө бул жерде "Кой жеген бөрү коңулда, кокуй бөрү куугунда" дегендей кылуу аракети дагы байкалып турат. Жакшы эмес бул..." деп бул жерге жаздым эле.

Учурдагы суракка чакыруу, камакка алуулардын шарында Акылбек Жапаровдун "Кумтөр" маселесине аралашып жүрүшү таптакыр эле орунсуз болуп калды көрүнөт. Элдин тергөө жана сотко ишениши же кашкайып эле ишенбей коюшу тергөөчүлөрдүн Акылбек Жапаровго болгон мамилесине карай боло турганы айтпаса дагы түшүнүктүү.

Ошондуктан, ушундай чоң ишти бузуп албай, анын өтөөсүнө чыгыш үчүн жок дегенде Акылбек Жапаровду Кумтөр жана башка мамлекеттик иштерден четтетүү, башка тиешеси барлар менен кошо суракка алуу зарыл деп ойлойм.

Коомчулук адилеттикке ишенбей калса, анда аягы эмне менен бүтөөрү ар бирибизге айтпаса деле белгилүү", - дейт коомдук ишмер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости