www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асилбек акылдуулук кылды

Президенттин иниси Асилбек Жээнбековду КСДП ичинде болуп жаткан интригаларга аралаштырып, андан чоң саясат жасоого жан үрөгөндөр арбын болду. КСДПны Атамбаевден Асилбек тартып алмай болуп жатат дегендердин оозу ушул жума жабылды окшойт. Андай интригаларга эч кандай тийешеси жок экенин, КСДП бир адамдын кызыкчылыгын гана көздеп калган партияга айланып калганын, өзү кыйын кезде партияга келип, парламент босогосун аттаганга кошкон салымын, түштүктө партияны жайылтуу үчүн болгон аракетин жумшаганына өкүнбөсүн билдирип, бүгүнкүдөй саясаттын сасык оюнуна аралашпай оолак боло турганын билдирип, КСДП менен кош айтышып кете берди. Чындыгында эле акыркы эки шайлоодо Асилбек Жээнбековдун командасы түштүктө активдүү иштебегенде КСДП оюндан эбак четтеп калмак. МунуАтамбаев оор болсо дагы жигиттик кылып мойнуна алыш керек.

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости