www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--“Атамбаевсиз КСДП” деген кыймылдын съездине катышыптырсыз. Ошол жерде КСДПнын лидерлигинен Атамбаевди оодарып түшүп, жаңы лидерди шайлашты. Бул канчалың деңгээлде мыйзамдуу болгонун юристтер баа беришсин. Атамбаевден партияны тартып алып, партиясыз калтыруу мүмкүнбү?

--Мен КСДПдан кантип мүчөлүктөн чыгып кеткенимди жакшы билесиң. Съезди уюштуруучулар мага телефон чалып, конок катары келип берүүмдү суранды эле Оштон келдим. Атайын чакырып жатса келбей койсоң болбойт да. Партиянын мүчөлүгүнөн чыгарып салса болот. Партияны тартып алам, өзүбүз жетектейбиз дегендин мыйзамдуу жолун таба албадым. Съезди партиянын саясий кеңеши чакырышкан дейт. Муну да такташ керек. Уюштуруучулар партия тууралуу тасма тартышыптыр. Ошол жерде партиянын негиздөөчүлөрү кимдер болгону көрсөтүлүптүр.  КСДП алгач бийликтин партиясы болуптур да. А. Эркебаев, А. Тагаев, Ж. Ибраимов, И. Кадырбековдор башында туруп, губернатор, акимдер менен чогуу Акаевдин уруксаты менен түзүшүптүр. Бул партия ошол кезде “ЭрК” партиясына каршы түзүлгөн. Топчубек Тургуналиев, Сатыбалды Жээнбеков, Турсунбай Бакир уулу, Мелис  Эшимканов, Жыпар Жекшеевге каршы коюлуптур. Текебаев дагы алгач “ЭрК” партиясында болгон, кийин “Ата-Мекенди” түзүп ошол жакка өтүп кетти. Ошондо эле Атамбаев бийликтин партиясы болгон КСДПнын мүчөсү болуптур. Башында ээрге олтурганда кыйшык олтурушуптур булар. Эч кандай оппозициялык маанайда болушкан эмес. Биринчи жолу Жалал-Абадга губернатор болгондо бул партиянын мүчөсү эмес болчумун. Эми кечээки съезде бир тараптуу, шыбаганы эле Атамбаев. Партиянын жасаган ишин айтайын деп баткенчи бирөө чыкты эле, аны ышкырык менен токтотушту. Жанымда олтургандарга ушунча болуп калды “меньшевик”, “большевик” болуп бөлүнүп албайсыңарбы дедим. Менин оюм боюнча булардын демөөрчүлөрү өз максатына жетишти. Чөгүп бараткан кемеден качкан келемиштей болуп,  съезди башташты да өздөрү келбей коюшту. 2020-жылдагы шайлоодо 2 КСДП каттала турган болсо, мына ошол күлкү башталат. Алмаз акыркы жанын үрөп болсо дагы КСДП деп каттатат. Кечээ жаралган КСДПнын каржы маселеси чектелүү болуп калды. Алмазда каражат жетиштүү.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости