www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-апрелге пландаштырылып, "Ата-Мекендин" лидери, абактагы Өмүрбек Текебаевди колдогондор соттон акыйкаттуулукту талап кылып чыга турган митингге катыша тургандар көбөйүп жатканы ырас Өмүкенин акмандык жердештери да ушул жумада бул иш-чара боюнча чогулушуп, өздөрүнчө жыйын өткөрүштү. Жыйынга Текебаев менен саясий көз караш жагынан эки жээкте турган Бекен Назаралиев да барып катышты. Сындап келген Бекен Назаралиев эмне деп сүйлөйт болду экен деп олтургандар, Назаралиевдин "Текебаев экөөбүздун ортобуздагы мамиле өттү-кетти. Мен аны унуткам, Текебаев унутса-унутпаса өзүнүн иши. Ал мага силерге караганда жакын тууган. Аны колдогон митингде Нышанбек Кочкоров экөөбүз элдин алдында болобуз" деп сүйлөгендө жердештери кол чаап жиберишти. Мындай сөздү Бекен Назаралиев айтпаса керек деп күткөндөр көп болгон болсо керек. Эми 23-апрелде Жогорку Соттун алдында чогулган элдин алдында Назаралиев менен Кочкоров турмак болду.
Булак: Жаңы Ордо