www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Аскар Акаевич, мен билгенден биздин “Кумтөрдөгү” пайызыбыз алгач 70% болуп, ал эми канадалыктардыкы 30% беле? Эгер жаңылыш айтып алсам, менин сөзүмдү түздөп коёсуз. Акаев менен Танаев биригип алып Кыргызстандын алтын кениндеги үлүшүн азайтып, салык төлөөдөн бошотуп коюшкан деген күнөөнү сиздерге коюп келишет. Ушул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

- Ушул боюнча түшүндүрүп берейинчи. Эл чындыкты такыр уккусу келбей жатпайбы? Акаев менен Танаев экөө биригип Кыргызстандын үлүшүн азайтып, анысы аз келгенсип дагы беш жылга “Камеко” компаниясы салыкты төлөбөй тургандай кылып жеңилдиктерди берип коюптур деп сындап чыгышты. Мен аны билген да, команда да берген эмес элем. Ошого күнөөлүү “Кыргызалтындын” жетекчиси Дастан Сарыгулов! Президент Акаев эмес, Премьер-министр Танаев дагы эмес, Дастан Сарыгулов болуп жатпайбы! Биринчи жылдардагы (1998-жылдардан 2003-жылдарга чейин) “Кумтөрдөн” салык алдырган эместиги кийин гана маалым болду. “Кыргызалтындын” жетекчиси катары Дастан Сарыгулов өзүмбилемдик менен башкарып, эч ким менен кеңешпей ушундай кадамга барган. Сарыгулов элдин башын айландырып, “Акаев күнөөлүү!” - деп ушул кезге чейин жалаа жаап келди.

Мындай да, ”Кумтөр” 1993-жылдан бери, башынан эле Кыргызстандын үлүшү 67,33%, ал эми “Камеконуку” 33% болчу. Ошол пайыз менен бүгүнкү күнгө чейин эле иштеп келе жатат, ал эч өзгөргөн жок. Биз “Центеррага” 3/2 менен, ал эми “Камеко” 1/3 менен кирип иштеп жатат. Эми алтынды алсак, “Кыргызалтын” үлүшүбүз болгон 67,33% пайызын алып, алтынды афинаждан өткөрүп анан сатат. 2003-жылга чейин “Кумтөрдөн” эч киреше түшкөн эмес. Ал эми Торонто шаарындагы биржада “Центерранын” Монголияда, Америкада, Түркияда алтын кендери бар. Мен айтып жатпаймбы, “Кумтөрдөгү” алтын кенинде киреше болгон эмес. 2004-жылы гана алтындын баасы өскөндөн башталды. Алтындын баасы 400 АКШ долларына чыкты. Аз-аздан алтындын баасы көтөрүлүп отуруп, алтындын бир унциясы 500, 600, 1000, 1200 АКШ долларына жетти. Ал эми алтындын баасынын өсүшү Роза Отунбаеванын президенттик убагына туш келди. Ошол жылдары алтындын баасынын бир унциясы 2000 долларга чыккан болчу. Ал эми Атамбаевдин убагында алтындын бир унцийи 1800 долларга түштү.

- Аскар Акаевич, Сапар Исаков премьер-министр болуп турган убакта Атамбаев өзүн колдогон депутаттар менен “Давыдов”, “Лысый” мөңгүлөрүн талкалоого уруксат берип жибергени сизге деле маалым болсо керек. Атамбаев суу кодексине өзгөртүү киргизгенден кийин “Центерра” мөңгүлөрдү талкалап, алардын үстүнө уу калдыктарын, таштандыларды таштай башташкан. Атамбаевдин жаратылышыбызга, экологияга душмандык менен жасаган мамилесине кандай баа берет элеңиз?

- Жыйынтыктап айтканда, сенин сурооң мага абдан жакты. Менин убагымда экологиялык зыян болгон эмес. Мөңгүнүн музу жок болуп кетпеши үчүн ал музду кубик кылып араалап кесип, башка жакка жылдырганда үстү-үстүнө коюп, жыйып чыгыш керек эле. Мына акыркы он жылдын ичинде, так ошол Атамбаевдин убагында мөңгүлөргө варвардык, айбандык, жапайы мамиле жасалды, ал мени да абдан өкүндүрөт. Атамбаевдин бул кадамы кыргыз жаратылышына болгон чыккынчылык мамиле деп билем. Алар мен айткан вариант боюнча, бакчадагы жаш балдар кубик кылып биринин үстүнө экинчисин коюп ойношкондой ыкманы “Кумтөрдө” колдонгондо туура болмок. Анткени, мөңгүнүн муздары да бекем болуп талкаланбай, башка жакка жылбай, бири-бирине кыналып коюлса көптөгөн жылдарга чейин эрибей, мурунку калыбындай сакталып тура бермек. Ушул ыкманы колдобой жатканы мени өкүндүрөт.

- Азыр экологиялык жактан чечилбеген проблемалар абдан эле көп да…

- Биздин убакта башынан эле экологиялык жагына көп көңүл бурганбыз. Мен өзүм да “Кумтөр кенине бир нече ирет барып, мөңгүлөрдү көрүп, текшерип да келгенмин. Биздин вариант боюнча таштандыларга өзүнчө жер бөлүнгөн болчу. Кийин мөңгүлөрдүн үстүнө эле таштандыларды таштап жатышканын гезит беттеринен окуп, теледен көрүп зээним кейиди. Кантип ушундай болсун деп ачууландым. Келишимде таштандылар боюнча өзүнчө программасы бар эле. Көрсө, бизден кийин алар акчаны үнөмдөйбүз дешип, мөңгүлөрдүн үстүнө эле ар кандай таштандыларды таштай беришкен тура. Бул айбанчылык, түркөйлүк да…

- Аскар Акаевич, азыркы кыргыз бийлиги “Кумтөр” алтын кениндеги миңдеген жылдар бою жаткан мөңгүлөрдү, “Давыдов”, “Лысый” сыяктуу муз тоолорду “Центерранын” жетекчилери талкалашып, алардын үстүнө уулуу заттарды, таштандыларды таштап, экологиялык өтө чоң зыян келтиргенин белгилешти. Демек, миңдеген жылдар бою сакталып келген мөңгүлөрдү келечек муунга сакташ үчүн мындан ары алтынды жер астынан казып алуу жагына көңүл буруу керек го. Канада менен Түркияда таза сууну колдонгону үчүн “Центерра” ошол өлкөлөргө акча төлөшөт. Ал эми канчалаган жылдар бою алтын кенине колдонгон эң таза делген биздеги мөңгү сууларына канадалыктар бир тыйын да төлөбөй келгени маалым. Дүйнөнү башкарган АКШ деле Канададан сууну сатып алса керек. Отуз жылдан бери чыры бүтө элек “Кумтөр” өнүккөн мамлекеттерде, мисалы Европа менен АКШда ушундай экологиялык зыян келтирсе кандай болот эле?

- Туура айтасың. Франциядабы, ушундай чыр болгон. “Кумтөрдө” мөңгүнүн сууларынан пайда болгон көлдүн сууларын да колдонуп жатышканын уктум. Мөңгүнүн сууларын колдонгону үчүн биздин мамлекеттин мыйзамын сыйлап, суунун акчасын алар төлөшү керек! Эгер экология жагын алып чыкса, дүйнөлүк коомчулук мындай нерселерди абдан жакшы карашат. Ошон үчүн катуу басым кылыш керек. Эми зыянды 3 млрд доллар болбосо да, эки жарым миллиардга доо койсо болот.

- Эл аралык шылуун делген "Сиабеко” компаниясынын жетекчиси Бирштейн менен жалпысынан канча жыл чогуу иш тедиңиздер?

- Инвесторсуз экономиканы көтөрүү татаал маселе. Биз эмес чоң мамлекеттер де да инвесторсуз, алардын жардамысыз өнүгө албайт. Өзгөчө, Кыргызстандай эко номикасы чабал мамлекетте инвесторсуз экономиканы көтөрүүгө мүмкүн болбойт. Инвесторсуз бул туңгуюктан чыга албай быз. Бизге келген ар бир инвесторлор аба менен суудай керек. Инвестор Кудайдын эле жанагы "посланнигиндей" эле. Ас мандан түшкөн кут, ооматтай эле нерсе. Борис Бирштейн келип иштерибиз орду нан жыла баштаганда сүйүндүк. Ал биз ден акча сураган жок! Ал бизге жардам гана берди, кыргыздар ошону эч түшүн бей коюшту. Эл аралык ошондой ортомчу фирмалар бар, алар жүздөп саналат. Ал бетте, алардын өз кызыкчылыктары бо лот, “Камеко” деле Бирштейндин өз кы зыкчылыгын төлөп берди деп ойлойм. Бул дүйнөлүк тажрыйба экенин эч качан унут пайлы, туурабы? Ортомчулар бүгүн деле дүйнөнүн төрт тарабында, бардык жер лерде бар. Ачыгын айтсам, алар бизден эч кандай акча алышкан да жок. Бирштейн менен болгону бир жылдай биргеликте иштештик окшойт.

- Аскар Акаевич, 1992-жылы К. Исаев жазгандай "Сиабеко групп" Борис Бирш тейнге байланыштуу Россиянын спецслужбасы берген справкага эмне үчүн караган жоксуздар? Алар алдын ала бул шылуун дардын фирмасы экенин эскертүү бериш кен деген маалыматтар гезит беттеринде жүрөт...

- Россиянын атайын кызматы бизге эч кандай жашыруун кагаз беришкен эмес. Бирштейн бизге чейин Россияда кенен эле бизнес кылып, ошол кезде жа нагы агрокомпаниялар менен экспорт кылып иштеп, өтө байыган бизнесмен адам болчу. Россияда Бирштейнди эч ким куугунтукка алган эмес. Ал эми сиз сез кылып жаткан "Сиабеко групп" ошол кезде, 2000-жылдарга чейин Россияда эле ишкердик менен алектенип, керек болсо Россиянын өзүнө инвестиция тарт кан компания болгон. Россиянын жер семирткичтерин сыртка экспортко алып чыгышып, сатык жагынан жардам берип байыган фирма болгон. Бирштейн Кыр гызстанга бир тыйын да зыян келтирген жок. Бир эле чоң келтирген зыяны, бул Насирдин Исановдун өлүмү болду.

- Acкap Aкaeвич, мына азыр эле маркум премьер-министр Насирдин Исановдун өлүмүнө кайгырган сөздөрдү айтып кеттиңиз. Ошол премьер-министр түшкөн машинада жалгыз гана Исанов каза болгону сизге шек туудурган жокпу?

Ошол кайгылуу окуя болгон жерде Бирштейн менен анын жансакчылыры нын бир жери сынмак түгүл, бети-башы чийилип, сыйрылган да эмес дешет. Анан эле Насирдин Исанов кантип жалгыз өзү өлүп калды деген суроо ушул убакка че йин эл арасында жоопсуз калып келүүдө. Кочкор-Атага жакын жерде каза болгон Насирдин Исановду таштап качып кеткен Бирштейн мырзага неге кылмыш ишин козгогон жоксуздар? Ушул нерсе арадан канча жылдар өтсө да табышмакка айланып, бийликтин айтканына эл ишенбей, шек жаратып келет...

- Бул иш боюнча жакшы эле изилдеттик, бирок ал иштен кылмыш таба ал ган жокпуз. Эми кырсык да... Жок жерден ушундай оор, кайгылуу окуя болуп кетпедиби... Чоң кырсык да... Кантебиз...

- Аскар Акаевич, cиз Исановдун каза болгонун укканда, “легендарлуу парламенттин” төрагасы Шеримкулов чет өлкөлүктөрдү кабыл алып жаткан учурда, Эднан Карабаевди Шеримкуловго жөнөтүп, чакырып кел деген экенсиз, туурабы? Туура, ооба. Мен Насирдин Исанов туурасындагы суук кабарды уккан соң дароо эле Медеткан Шеримкуловго, бир чети кудасы катары кеңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөйүн деген ниетте кабинетиме чакырганым чындык.

- М. Шеримкуловдун "Данакерлик миссия" аттуу китеби 2019-жылы жа рыкка чыкты. Сиздин колуңузга ал китеп тийдиби билбейм, аты аталган китептин Т. 263-бетинде сиз жөнүндө айтылган мын дай фактылар жазылыптыр. М. Шерим кулов: - "Акаевдин кабинетине киргенде Акаев: - Медеткан Шеримкулович, кайрат кылыңыз, Насирдин Исанович курман болду...!" - деди.

Медеткан Шеримкулов өзүн кармана албай терезенин түбүнө барып ыйлап жиберет... Президент А. Акаев пауза боло калганынан пайдаланып, дароо ички байланыш аркылуу бирөөгө телефон чалып, аны абдан катуу сооротуп: - "Эч кам санабаңыз, сиз үчүн самолет учуп барат, сизди Андижандан алып келет... деп жооткото баштады. (Кийин телефон догу маектеши эл аралык алдамчы жана алтын чатагына байланышкан чуулгандуу бизнесмен Борис Бирштейн экени маалым болот) деп жазган автор...

- Эми Бекен иним, Бирштейндин өзү нүн менчик самолету бар адам. Ал эми ошол кезде мен Андижанга самолет же нөткүдөй абал жок эле, СССР ураган кез болгондуктан, ага жөнөткүдөй Кыргызстанда самолет деле жок болчу. Ал эми чет мамлекеттерге чыкканда эски Ту-154 пассажирдик самолетум бар эле. Кыргыз стандын ичинде Як-40 деген кызматтык самолет менен учат элем.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости