www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илгертен ата-бабаларыбыз ичип келген эзме курут, талкан чалынган таттуу суусундуктарды азыр көп жасап ичпей калганбыз. Заманбап газдалган суусундуктарга караганда биз сөз кылчу “Алайку Органикс” компаниясынын суусундуктарын ичип эле жүрсөңүз керек. Экологиялык жактан таза, ар кандай химикаттарсыз жогорку сапатка ээ мындай продукцияны базарга чыгаруу көп убакытты талап кылаары белгилїї эмеспи. Изги тилек ишке ашып, азыр той-топурларда экологиялык таза суусундуктар суроо-талапка ээ болуп келе жаткан учуру. Аталган компаниянын жетекчиси Аскар Мамбетжановдун айтымына караганда суусундуктар менен эле чектелип калбай сыр, айран, шербет дагы чыгарып жатышыптыр. Жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында Ош шаарында жайгашкан бул заводдун ички акыбалына кызыгып, таанышып келдик.
--Аскар мырза, улуттук суусундуктарды базар шартына ылайыктап чыгаруу идеясы кайдан жаралды?
--Бала кезибизде мектептен каникулга чыкканда таенем бизди жайлоого алып чыкканда дайыма курут эзип, сары май салып берчү. Ошол куруттун даамы дагы деле таңдайымда. Биздин рынокту карасак андай суусундуктар сатыкта жок экен. “Өзүбүздүн улуттук суусундуктарды эмне үчүн заманбап түрдө элге ичире албайбыз”-деп ойлондук. Анан 2014-жылдан баштап “Алайку Органикс” деген аталыштагы компанияны негиздеп, ишти баштадык. Алгач экологиялык таза суусундуктарды чыгара баштадык. Суусундуктардын баардык керектөөлөрүнө жергиликтүү сырьёну пайдаланууну ойлондук.
--Суусундуктарыңыздардын арасында эл арасында көп жасалбай калган суусундуктар дагы бар экен. Бизди ошол кызыктырды. Мисалы эзме курутту азыр көпчүлүк биле бербейт эмеспи?
--Ооба, ал жагынан баарын сураштырып, өзүбүз билгенди да пайдаландык. Мисалы курут менен талканды аралаштырып суусундук чыгардык. Мындан сырткары кичинебизде шербетти ичип жүрчү элек. Ошону да элге сунуштайлы деп Баткендин өрүк кагын алып шербетти жасадык. Куршаб менен Жалал-Абаддын кайналысынан да продукцияга колдонуп жатабыз.
--Демек керектөөчү жер жемиштердин баарын жергиликтүү дыйкандардан сатып аласыздар?
--Биздин эң башкы максатыбыз да жергиликтүү дыйкандарды колдоо болчу. Сырттан эч качан эч нерсе пайдаланбайбыз. Кыргыз жеринин мөмө жемиши ансыз да даамдуу, экологиялык жактан таптаза. Колубуздан келишинче дыйкандарыбызга колдоо көрсөтүп жатабыз.
--Сырдын түрїн да чыгарып жатканыңыздарды көрдүк...
--2500-2700 метр деңиз деңгээлинен бийик турган жерде Алайкуу өрөөнүндө сүттү кабыл алуу, кайра иштетүүчү борбор ачканбыз. Курутту өзүбүз сүзмөдөн жасап жатканбыз. Бирок сүзмөлөрдүн биринин тузу көп же тескерисинче аз болуп калат экен. Андыктан өзүбүз сүттү кабыл алып, сүзмө жасоого өттүк. Ошол жерден “эмнеге биз сүттөн сүзмө эле жасайбыз. Андан көрє кыргыздын быштак, эжигейин чыгара албайбыз”-деп идея келип жабдууларын издей баштадык. Кыргыздын быштак, эжигейин жасай турган жабдуу дүйнөдө жасалбайт экен. Андыктан эң жакыны сыр жасаган жабдууну алып келип пайдаландык. Сырдын технологиясын азыр үйрөнүп алсак 2019-жылдан баштап, кыргыздын нукура азыктарын чыгара баштайбыз.
--Мисалы?
--Быштактын түрлөрүн жасасак болот. Катуу, чоюлчаак, жумшак быштактарды жасасак болот. Каймактын сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн сары май жасап салышууда. Андан көрє каймак бойдон сактоо мөөнөтүн узартуунун технологиясын изилдеп тапсак жакшы болмок.
--Атаандашуу болмоюн өзгөрүү, изденүү болбойт эмеспи. Базар экономикасына ылайык атаандаштык ар убак болуп турса керек?..
--Атаандаштык бар жерде өсүш болот. Биз продукцияларыбызды элдин тандоосуна коебуз. Кыргызстан чакан мамлекет. Ишкерлер бири-бирин колдоп турбаса болбойт. Эми атаандаштык бардык жактарда болот, бирок биздин компаниянын андай максаты жок. Максатыбыз элибиз үчүн базарда тандоо көп болсо, эзелтен калган суусундуктарды азыр да ичсек, жаш муун да колдонсо дейбиз.
--Экологиялык жактан тазабы?
--Тазалыгына 100% кепилдик беребиз. Биздин товарларда түс берүүчү же даам берүүчү кошулмалар кошулбайт. Нак сүттөн жасалат. Органикалык таза товардын сактоо мөөнөтү дагы кыска болот. Химиялык элементтер кошулган нерселер бузулбайт. Биздин азыктардын сактоо мөөнөтү өтө кыска. Сүт 3 күн, чалаптар 20 күн сакталат. Зыяндуу химикаттарды пайдаланбастан кантип көпкө сактала тургандай кылсак экен деп ойлонуп атабыз. Учурда Оштун тегерегиндеги баардык дыйкандар менен иштешели деген план койгонбуз. Алар менен сүттү кантип сактоо керек, биздин цехке чейин бузулбай сапатын сактап жетишин үйрөтүп тренинг өткөрөлү деген пландарыбыз бар. Кудай буюрса, баардык ой-максаттарыбыз акырындан ишке ашып келе жатат...
--Уйлардын баарынын ден соолугу таза деп эч ким айта албайт да. Андыктан ар кандай оору менен оорубаган уйдун сүтү экендигин коомчулукка кантип далилдейсиздер?
--Сүттү кабыл алып жаткан жеринен эле кандай экендигин аныктап коё турган жабдуулар менен текшеребиз. Заводко келгенден кийин лабораториябыздан дагы текшеребиз. Баары таза чыккандан кийин гана иштетүүгө беребиз. Ал менен гана чектелип калбай дагы бир текшерүүдөн өтүп тазаланат.
--Чет өлкөгө экспорттоо маселесинин үстүндө иштеп жатасызбы?
--Учурда Орусияга жөнөтүп жатабыз. Ал жакта жердештерибиздин кафелеринде кардарларга сунушталып жатыптыр. Буюрса өтүүсү жаман эмес.
--Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков сиздердин ишканага келип сүт цехтин ачылышына катышып кетти. Ажо кандай баасын берди?
--Өлкө башчысынын цехибизге келип кеткени аябай чоң жоопкерчилик анан кубаныч болду. Жоопкерчилик дегенибиз ушул - эми биз эң мыкты иштешибиз керек. Ал эми кубанычыбыз биздин цехке өлкө башчысынын көңүл буруп жаткандыгында болду. Сүттү кайра иштетүү борбору болгондуктан жергиликтүү элге пайдабыз тийиши керек. Ушул жагын ажобуз баса белгилеп кетти. Сооронбай Шарипович, биз єндїргєн продукциялардын баарынан ооз тийип көрүп аябай кубанып, сүйүнүп жылуу сөзүн айтты. Жаккандыгын айтса абдан сүйүнүп калдык.
Элдос Зикиров, «Алайку Органикс» компаниясынын технологу: «Билимимди өз мамлекетиме пайдаланайын деп кайтып келдим»
--Элдос мырза, кесибиңиз бул кызматта иштөөгө туура келеби?
--Ооба, билимим боюнча Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тамак-аш продукциясы боюнча жогорку билим алгам. 2014-жылдын октябрь айынан баштап адистигим боюнча иштеп келе жатам.
--Буга чейин кайда иштегенсиз, тажырыйбаңыз жетиштүү элеби?
--Түркиянын Эрзурум, Измир, Мерсин шаарларында өзүмдүн кесибим боюнча иштегенмин. Бир күнү телевизор көрүп олтурсам алдында кыска жарнама берип калышты. Ошол жарнама менен келип иштеп калдым.
--Биздин өлкөгө салыштырмалуу Түркияда маяна жогору эмеспи. Чоң айлык акыдан баш тартып аз акчага кайтып келүүңүздүн сыры болсо керек?
--Айлыгыма нааразымын деп айтпайм. Кудайга шүгүр. Бирөөнүн жеринде жүрсөң деле оюң Кыргызстанда болот, куса болосуң, мекениңди сагынасың дегендей. Ошол кусалык менен бөтөн жерде жашабайын, билимимди өз мамлекетиме пайдаланайын деп кайтып келдим.
--Сүттөн кандай азыктарды чыгарып жатасыздар?
--Биз таза сүттү кайра иштетип ар түрдүү продукция чыгарабыз. Сүттөн сыр, айран, йогурт жасайбыз. Сырдын төрт түрү чыгат. Моцарелла, пиццага ылайыктуу сыр, ак сыр жасалат. Себет сыр дегенибиз себетке окшош формада болуп көп убакытка сакталат. Йогурттан классикалык түрү баардык кошулмалары жок таза болот. Айраныбыз дагы башкача даамдуу.
--Сүттү канча сомдон кабыл аласыздар?
--Учурда бир литр сүттү 24 сомдон кабыл алып жатабыз.
--Заводдун келечегин кандай элестетесиз?
--Абдан мыкты, жакшы болот деп эсептейм. Жыл сайын жаңы идеялар менен жаштарды алдыга сүрөп жетекчилик тынымсыз изденүүнүн үстүндө болууда.
Жаныбек кызы Каныкей, “Алайку Органикс» компаниясынын менеджери:
«Биздин продукция кєрсөтүлгөн салмагынан ашса ашат, кемибейт...»
--Каныкей, компаниянын мекемеси качан курулду?
--Чынын айтканда биздин мекеменин орду мурда таптакыр каралбай калган. Тагыраагы СССР убагында дарыкана болгон экен. Жетекчилик бул имаратты өзүнө алгандан кийин оңдоп-түздөп, кайра башынан реконструкция жасап чыкты. Жакында эле президент келгенде көрүп абдан ыраазы болду.
--Жумушчулардын айлык маянасы кандай?
--Он миңден өйдө кетет. Айтылган убактан кечиктирбей беришет.
--Продукциялардын салмагы боюнча талаш-тартыштар аябай көп. Сиздердики талапка жооп береби?
--Ооба, бизден чыгарылган продукциялардын салмагы, даамы жана сапаты боюнча эч кандай нааразычылык жок. Элдин ишеничине ээ болуп келе жатабыз. Салмагына ишенбегендер тартып деле көрүшсө болот. Биздин продукция көрсөтүлгөн салмагынан ашса ашат, кемибейт.
Булак: “Де-факто”