www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз чиновниктери бирөөнүн «артына» кирип кеткенден эч уялбайт экен го. Эптеп убакыт өтүп, байлык топтоп алганча бийликтеги таасирдүү фигуралардан кимди болсун артына калканч кылып, анын кареги менен тең ай­ланып, ал эми башкаларга кызылдай эле кара ниеттик жасаганга өтүп алышат.

Дегеним, өкмөттүн Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, мурунку тил менен айтканда губернатору Аскат Акибаев президенттин администрация башчысы Сапар Исаковго таянып алып, кылбаганды кылып жаткандыгы боюнча маалыматтар ММКларга жарыяланды. Аскат мырза уялбайт экен да, же иш билбейт.

Арийне адамгерчилик, абийир дегендер тууралуу Акибаевде түшүнүк барбы өзү? Же «Аврора» менен эле аткаминерликке жол ачкан мырза эртенки күн, жоопкерчилик деген калыстык таразасына түшпөй калам деп ойлойбу?

Булак: Де-факто

Последние новости