www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көчө митингдеринен арылып, цивилдүү коомго бут койдук деп мактана баштаганбыз. Бул куру сүйүнүчкө айланып кетчүдөй болуп туру. Дегеним, «Ата Мекен» партиясы абакта жаткан Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган ири масштабдагы митингди 23-март күнү өткөрүүнү пландап жатат.

Албетте, ар кимдин чындыгы бар. Бирок анысын сөзсүз көчөгө эл толтуруп алып айтуунун, анын арты менен коомдук бейтартип жаратып, башаламандыкка баруунун канчалык зарылчылыгы бар дегиң келет. Анткени «ата мекенчилер» азырда бийликтин бийик трибунасынан сүйлөөгө укуктары, мүмкүнчүлүктөрү бар.

Баса, эмнеге 23-март(?) деген суроо туулат. Тарыхка көз чаптырып керсек, мындан 12 жыл мурун Акаевдик режим 24-март күнү кулаганы эсибизде. Демек бул митингде даты Атамбаевдик режимди кулатуу аракети болбойт деп ким кепилдик берет?! Эл толкунунун артына жашынып алып, дүрбөлөң кылууга айлантпашын «ата мекенчилер» айта ала­бы? Ырасында Текебаевди «мыйзамдын атасы» атап жүрүшөт, анда мыйзам жолу менен ак экендигин далилдебейби?

Булак: Де-факто

Последние новости