www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башында эле Дача СУУ айылына кырсык басып, айылга Самолёт кулап, айыл тургундары өтө оор кырсыкка душар болушту. Каргашалуу Самолёт 34 адамдын өмүрүн алып, үйлөрү талкаланып, кее бир үй бүлө бул дүйнө менен таптакыр кош айтышса, жүздөгөн адам жабыр тартып келүүдө.

Мындай кырсыкты адам баласына бербей эле койсун, мушкул эле иш болду. Мындай учурда Кыргыз элине айланса болот, өкмөт ойгоно электе эле колунан келген жардамын аянбай, кийим – кечек, тамак – ашын бирип, набыт болгондорго куран окутуп, көңүл айтышып кайгысын тең бөлүшүп келишти.

Ошол эле убакта, Дача СУУ айылында маселеден маселе жаралып келүүдө. Көпчүлүктө теңсиздик орун алат эмеспи, өзгөчө Кыргыздын менталитетинде. Эми кырсык болуп кан жутуп жаткан жерден кол ийрисине тартат болуп, бириси ашыкча алса, бирисине таптакыр эле кур жалак калууда.

Ошо кур жалактын ичинде Айдаров Аяттын үй бүлөсү менен жабыр тартканы аз келгенсип кур жалак калгандардын катарына кирет. Өзү 4 линия 155 үйдүн жашоочусу, самолёт кулаган чакта үйүндө уктап жаткан эле, кулаган самолётун канаты үйүнүн үстүндөгү крышасын толугу менен талкалап кеткен, тамынын дубалы жаракка кеткен.

Өзү психологиялык жабыр тартып, Кудайдын амири менен аман калып турган кезде, комиссия Айдаровду жабыр тарткандарга кошпой, гуманитардык жардамдан дагы кемитип келет.

Чындыгында Айдаров жоош, билими төмөн болгондуктан, элчилеп улкунуп жулкунбай койгондуктан, четте калып үйсүз калуу коркунуч алдында турат. Ал эми ӨКМ адистери Айдаровко салкын көз салып иттен чыгарып коюнун амалын жасоодо. Айыл башы Султанов Максым үй аласың деп ишендирген эле, анысына рахмат, бирок райондун архитекртору Д. Жунусаков сенин тамын ылайдан жасалган экен десе, ӨКМ адиси Макеев тамыңды оңдоп ал дешет.

Ылайдан болобу же самандан болобу,  Айдаровдүн үйү талкаланып жатат, же кооз үй болсо талкаланбай калмак беле. Кеп Айдаров кызыл китеби бар үйдүн эси болот, жана мыйзамдуу Дача СУУнун тургуну, ал кырсыкка кабылды.

Ошондуктан Өкмөт толук канду үй – турак, гуманитардык бардык жардамдан өксүтпөй жардам бериши зарыл, бул мыйзам талабы. Болбосо Айдаров үй бүлөсү менен толук канду оор психологиялык жаракат алды, асмандан кулап түшкөн самолёт тамын талкалап салса, эми сага акча беребиз тамынды оңдоп ал деп иттен чыгарып жатканы, калыстык кайда. 92 миллион сом эл чогултуп берди. Андан башка Авиа Компания дагы кырсыкка компенцасия төлөп берет. Мындай учурда ӨКМ адистерини кол ийрисине тартып жатабы деген шек жаралат. Ошондуктан комиссия Айдоровдун маселесин кайра карап, акыйкаттуу чечип,  үй бөлүп берет деп ишене туралык. АЛЛА мындай кырсыкты эч кимге бербесин, бүлүнгөн жерден пайда табуу күнөө болот эмеспи.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости