www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын атайын багыттагы күчтөрү Батуминин полиция имаратынын алдындагы митингди таратты.

Жекшембидеги каршылык акциясы башаламандыкка айланып кетти. Расмийлер бир нече киши жабыр тартканын билдирди.

Митингди таратуу учурунда полиция 40 чамалуу кишини камакка алды. Ѳлкөнүн Ички иштер министри Георгий Мгебришвили алар коомдук тартипти бузган деп камакка алынганын, бирок кылмыш иши козголуп, айрымдары жоопко тартылышы мүмкүндүгүн айтты.

Грузиянын атайын багыттагы күчтөрү Батуминин полиция имаратынын алдындагы митингди таратты.

Аджар автономиялык республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри Заала Микеладзенин айтымында, 33 киши ооруканага түшкөн, алардын 15 полиция кызматкерлери. Көпчүлүгү таш тийип жабыр тарткан. Митингчилер полицияга таш ыргытып, полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду.

"Ооруканага түшкөндөрдүн баары жардам алгандан кийин чыгып кетишти. Бир киши гана мээси чайкалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө калды», -деп билдирди Микеладзе.

Митингчилер полицияга таш ыргытып, полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду.

Батумидеги каршылык акциясы ишемби күнү кечинде, кайгуул полициясы айдоочуга айыппул салган окуядан дүрт алды. Айдоочу полиция менен жаңжалдашып кеткенде аны кармашкан. Бирок ал жерде жергиликтүү эл топтолуп кетип, соңку учурда полиция жөнү жок эле чоң суммада айыппул салып жатканына нааразылык билдирип, айдоочуну боштууну талап кылган. Жыйынтыгында полиция алты кишини кармаган.

Көп өтпөй бийлик аларды административдик укук бузганы үчүн кармашып, кайра коео беришкенин айтты. Бирок бул кырдаалды жайгара алган жок. Полиция имаратынын алдына миңдей киши чогулуп, башаламандык орун алды.

Чогулгандар полиция имаратына таш ыргытып, автоунааларды талкалап, өрт коюп жиберишти. Батуминин бийлиги тротуарлар, светофорлор жана беш авто унаа жабыр тартканын айтууда.

Булак: "bbc.com"

Последние новости