www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү мыйзам же жөнөкөй айтканда фейк жөнүндөгү мыйзам кабыл алынып жатканда эле бул фейк эмес, ачык иштеп жаткан ЖМК булактарына каршы иштейт деп, далай чырылдадык эле. Тилекке каршы, дал ошондой болуп жатат. Ага "Азаттыктын" жабылганы күбө.
Эми ошол мыйзамды кабыл алдырып, ишке ашырып жаткандар, жок дегенде ушул мыйзамга тууралап иш кылсаңар боло!
Ушуну ачып окуп койгула, бул мыйзам болгону 7-беренеден турат. Мыйзамдын 2-беренесинин 7-бөлүгүндө "анык эмес (жалган) маалымат - интернет тармагында же интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган, чындыкка туура келбеген башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген маалымат" деп турат. Демек, бул мыйзам боюнча жалган маалымат деп ушул жерде келтирилгендер гана эсептелет.
А биздин Маданият министрлиги "Азаттыкты" жабуу боюнча жазган чечиминде "кастык тили", "дискриминация", "улуттук кызыкчылыктар" деген түшүнүктөрдү келтирип жатат. Бул түшүнүктөр жогоруда келтирилген мыйзамда жок. Мындайча айтканда, эптеп бир мыйзамга такап "Азаттыкты" жабыш керек болгон күндө да ишти сабаттуу жасаш керек го.
Анан калса, процессуалдык мыйзам бузуулар да бир топ. Ушул мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган Жободо сөзсүз даттануучу болушу керектиги айтылат. Анысы жок эле Маданият министрлиги өзү арызданып, кайра өзү "Азаттыкты" жапкан чечим чыгарганы кайсы акылга, мыйзамга сыят?
Баткендеги согуш 14-17-сентябрда болду. Азыр ал жакта курман болгон баатырлардын кыркылыгы өтүп жатат. Маданият министрлигинин 24-октябрда гана ошол материалды көрө калып кайрылып жатканы да көп суроолорду жаратат... Демек, бул жерде бийликтин түздөн-түз кызыкчылыгы бар десек болот. Айтор, 31 жыл мурда эркиндикке баштаган жолдун кайра башына келдик окшойт. Же Түркмөнстанга келип калдыкпы?", - деп жазган Сакыбаева.
Эске салсак, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек.
Бул ортодо Кемпир-Абад суу сактагынын айланасындагы маселе боюнча 20-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кызматтан алынды. Ал эми 23-октябрда Кемпир-Абаддын айланасындагы чууга байланыштуу 22 адам кармалган. Алардын арасында белгилүү саясатчы, журналист, активисттер бар.
Булак: NazarNews.kg