www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элибизде "жылкы кишенешкенче, адам сүйлөшкөнчө" деген накыл сөз бар. Бул деген кимдин кандай экени, акыл-парасаты, сүйлөшкөндө билинет дегенди билдирет. Сүйлөшүү, таанышуу учурашуудан, амандашуудан башталат. Учурашпай, амандашпай сөз башталбайт. 

Учурашуу – улуу маданият. Учурашуу – бул коммуникация, байланыш түзүү. Демек, учурашуунун, саламдашуунун, амандашуунун өз эрежеси, маданияты болот. Бул жерде улуттук менталитеттин таасири чоң роль ойнойт. Ошол себептен, учурашуудан жеке адамдын кулк мүнөзү, таалим-тарбиясы эле эмес, бүтүндөй бир улуттун нарк-насили, маданияты, жашоо образы чагылдырылып турат. 

Алсак, япондордун бүткүл дүйнө элдеринен айырмаланган өзгөчөлүгү – бири-бири менен учурашканда, же ыраазычылык билгизгенде аял, эркек дебей баштарын ийип, ийилип учурашат. Тааныш болсоң да, тааныш эмес болсоң дагы бул эреже сакталат. Бул салт, ыйбаа, жогорку адамгерчилик, тартип, тарбия, жашоонун эрежеси. 

Түрктөрдө дагы башка улутта кездешпеген өздөрүнө гана мүнөздүү, ата-энесинин, өтө кадырлуу адамынын колун өөп, чекесине тийгизген астейдил сый мамилени билгизген учурашуу салты бар. 

Ал эми кыргызда учурашуунун башка элдерге үлгү болчу ызаат, урмат-сыйды камтыган мыкты эрежеси, маданияты калыптанган. Андай улуу нарк башка улуттарда жокко эсе. 

Кыргыздар аял-эркек, улуу-кичүү дебестен, арыба, арыбаңыз, арыбагыла деп учурашкан, ага жооп катары бар болуңуз дешкен. Арыба – деген сөздүн мааниси, чарчап чаалыкпай, демдүү, күүлүү-күчтүүсүздөрбү дегенди туюндурган. 

Мал-жаныңар эсенби деп да кайрылышкан. Көчмөн турмушта мал боор этиң, жаның менен барабар болгон. Малсыз жан сактоо, жашоо, күн кечирүү кыйынга турган. Ошол себептен, мал-жаныңар аманбы деп саламдашкан. Эми бул учурашуу учурда көп айтылбай калды. 

Ошондой эле, өзгөчө өзгөрбөй турган эреже сөзсүз кичүүсү улуусуна биринчи оозунуп учурашкан. Улуу киши алик алып, өркүнүң өссүн, кем болбо деп алкаган. Айткан саламды жоопсуз калтырган эмес. Учурашпай, алик албай коюу текеберликти, көпкөндүктү, таарынычты, ал түгүл кастыкты туюндурган абдан чеки иш болгон. Учурашуу коммуникациялык мамиленин ачкычы деген ушул. 

Кыргызда учурашуунун бир катар эрежелери салт болуп калыптанган.

Алсак: 

– Сырттан кирген адам, жашына, даражасына, жынысына карабай үй ичиндегилерге учурашууга милдеттүү. Бул үй ээсине болгон сый, ызаат кылуу. 

– Атчан киши жөө адамга, жогортон келе жаткан, төмөнтөн келе жатканга жашына карабай салам айткан. Ушунун өзү канчалык жогору турсаң да, текебер болбой, бой көтөрбөй өзүңдөн төмөнгө урмат көрсөт, улук болсоң, кичик бол дегенди билдирет. 

– Тең курактуу жашташ эркек менен аял кезигип калса, эркек киши биринчи учурашат. Бул жагдай аял затына болгон ыйбаа, аздек мамиле. 

Кыргыздын учурашуу салттык этикасы боюнча, аял киши эркек адамга улуу болсо, колун бооруна алып саламдашкан. Аксы өрөөнүндө азыр да бар. Тең чамалаш, же кичүү болсо баш ийкешип учурашкан. Ийилип учурашуу азыркы кезде Ысык-Көлдө сакталган.

– Жолдон өтүп бара жаткандар жол жээгинде отургандарга, аз киши көп кишиге оозунуп саламдашкан. Азчылык көпчүлүккө баш ийген нарк ошондон. 

Мындай улуу маданият, салт эч бир элде жок. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө кылымдардан бери калыптанган бул улуу нарк сакталбай баратат.

Көчөдөгү тааныш эместер түгүл, бир подьездде жашаган кошуналар бири-бири  менен учурашпай калышты. Жайынча эле тааныбаган бирөөнө учурашып койсоң, таң калып карайт, же дени-карды соо немеби деп сактанып чочулайт. 

Арыбаңыз, бар болуңуз деген жакшынакай сөздөр аз айтылып, ал түгүл ассалоому алейкум, алейкум салам деп эмес, учурашканда, амандашканда аял-эркек, улуу-кичүү дебей, "ассаляму алейкум, уа алейкум ассалям" деп "ялап" калдык. Обу жоктук өөрчүдү. 

Арийне, эркек-аялдын, кары-жаштын коомдо, үйдө, көчөдө өз оорду, учурашуу маданияты сакталбай жоголуп, улуттук кулк-мүнөз, таалим-тарбия, салт-санаа өзгөрүүдө. 

Демек, жогоруда айткан эч бир элде жок, өзүбүздүн улуу жолду, наркты сактабасак, келечек муун кыргыздын кылым карыткан маданиятын, баалуулуктарын билбей, кулак-мүнөзү, дүйнө таанымы, көз карашы башка элдин салт-санаасына сиңишип, ассимилясия болуп, өз тегин тааныбай калат. 

Ошол себептен, окуу программасына нарк таануу сабагын киргизип, мен кыргызмын деп көөдөнүн бийик көтөрүп  сыймыктангандай улуттук  таалим-тарбиялык системаны калыптандырышыбыз милдет. Бул система – улуттук идеологиянын башаты, булагы катары кызмат аткарууга тийиш.

Алмаз Темирбек уулу, NazarNews.kg

Последние новости