Асыкбек Оморов: "Кайран кыргыз эли, кемигенден кемип эле бара жатабыз"
Коом  |   |  1100

Кайран кыргыз эли, кемигенден кемип эле бара жатабыз. Мындай пикирди "Санжыра" борборунун директору, тарых жазуучусу, профессор Асыкбек Оморов айтты. 

--"Улуу Кыргыз каганаттыгы" XI кылымдарда жоюлгандан кийин, азыркы Тыва аймактарынын түштүк-чыгыш тарабында XV кылымда кыргыз хандыгы пайда болгон, XVII кылымда андан да үч эсе аз аймакта дагы кыргыз хандыгы пайда болуп ошону менен ал кыргыз хандыгы биротоло жок болгон. Бул карталар тууралуу Тыва Эл музейинде Хакасиянын Абакан шаарындагы музейде жана Минусинск (Миң-Өзөн өрөөнүндө) музейинде толугу менен картада тартылуу турат.

Кийин Кытай менен Орусия чек арачыларынын "Чугучак" келишиминин негизинде эки элдин империя чек арачылары "Бул кыргыз эли улуу эл" деп Орто Азиянын аймактарында жашаган кыргыз элин 5 (беш) аймактарга атайын бөлүп салган алар: БИРИНЧИ - Кытай кыргыздары (Тарбагатай, Чөйчөк, Иле, Монгул-Күрөө, Шаты, Көк-Терек, Какшаал тоосунун түштүк аймактары, Ак-Чий, Артыш, Кашгар, Ак-Тоо, Улук-Чат аймактары). ЭКИНЧИСИ - Ооганстан аймактарынын түндүк аймактарында жашаган Памырлык (Памирлик) кыргыздар. ҮЧҮНЧҮСҮ - Тажик аймактарынын чыгыш тарабында жашаган кыргыздар. ТӨРТҮНЧҮСҮ - Баргана (Фергана) өрөөнүндөгү өзбек кыргыздары. БЕШИНЧИ - Ала - Тоо элинин кыргыздары, бул элди дагы орус саясатчылары кийин "Түндүк жана түштүк кылып экиге бөлүп салабыз" деген жашыруу саясат жүргүзүшкөн, бирок тилектери ишке ашкан эмес. Кыргыз элин бир гана Кудай сактап жүрөт.

Ал эми Кытай Эл Республикасы менен СССРдин ортосунда кийин буфердик зона ичинен пайда болгон СУАР (Синцзянь Уйгур Автономиялык Республика) ичинен 14-июль 1954-жылы түзүлгөн Кыргыз Кызыл-Суу автономиялык облусунун ичинен 4 оодан (Ак-Чий, Артыш, Ак-Тоо, Улук-Чат) түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө Артыш ооданында - 240 миң 368 кыргыздар, Ак-Тоо ооданында - 199 миң 65 кыргыздар, Улук-Чат ооданында - 47 миң 261 кыргыздар, Ак-Чий ооданында - 38 миң 876 кыргыздар бардыгы болуп бул төрт аймактарда 525 миң 570 кыргыздар жашашат. Жалпы аянты картада көрүнүп тургандай 70 миң 9 чарчы метр.

Ал эми союз учурунда 1924-жылы Тажикстан аймактарынын чыгыш тарабында жашаган кыргыздарды союздун жетекчилери атайын Мургап менен Жерге-Тал аймактарын Тажикстан Республикасынын бийлик ээлиги катары биротоло өткөрүп беришкен.

Бүгүнкү күндө Мургап районунун аймагы - 38,4 миң чарчы метр ал эми Жерге-Тал районунун аймагы - 4миң 5 чарчы метр болуп эсептелинет.

Союз ыдыраганда дагы "Эгемендүү болдук" деп ураалап мактанганыбыз менен ошол биринчи качкын президентибиз Аскар Акаев "Үзөнгү-Кууш" аймагын 92,0 чарчы метр. Кытай Эл Республикасына, экинчи качкын президентибиз Курманбек Бакиев "Манастан Чубак кем бекен" дегендей "Каркыра" аймагын 62,0 миң чарчы метр. Казакстанга кирит чаап раматылык кылып жиберишти. Андан көрө өздөрү раматылык болсо жакшы болмок.

"Эх кайран кыргыз эли, кемигенден кемип эле бара жатабыз, кийинки муундарыбызга элдин саны көбөйгөн сайын жашоо кандай болот туңгуюк болуп турган мезгил". Келечек муундарыбызга кандай жашоо болот бүдөмүк же көр коо саясатчыларыбыз улам башка мамлекеттерге аймактардан садага чаап качып кете беришеби, бизге Манас атадай гана чачылганда чогулткан, үзүлгөндү улаган башчы керек болуп туру. Кыргызда кеп бар "Жер саткан энесин сатканга барабар" деген, анын сыңарында бул качкын президенттерибиз "Өз энелерин сатып калышсын" деп гана арман кыласың, акмактарга", - дейт тарыхчы. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями