www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Манастын уулу Семетей" деген кинону тартууга болбойт. Мындай пикирди "Санжыра" борборунун директору, тарых жазуучусу, профессор Асыкбек Оморов айтты.
--"Менин кыргыз элине кайрылуумдун себеби, "Манастын уулу Семетей" деген көркөм фильмди тартууга болбойт.
Манас кыргыз эли үчүн эң башкы ИДЕОЛОГИЯНЫН башаты болушу керек. Бизде мамлекеттик идеологиянын ошол эң башкы багыты Манасты мектептен баштап, ЖОЖна чейин окутушубуз керек. Ошондо элдин кулк мүнөзү, идеология багыты оңоло баштайт. "Манастын уулу Семетей" деген кинону тартууга болбойт, тезинен бөгөт коюшубуз керек, ал чечим такыр туура эмес болуп калат. Ал кинону тартыш үчүн млрд.даган акча каражаттары керек, бизде андай акча каражаттарыбыз да жок. Ошондой эле тарткысы келишсе адегенде мультфильм тартышсын, ал тартылган мультфильмди жалпы сынчылар сындап көрөлү, анан ошого жараша иш кылышыбыз керек. Эгер жакшы тартылса, ошол мультфильмдин негизинде анан кино тартса болот.
Ал тартыла турган фильмдерге да эң мыкты рольдордо ойногон жана образга дал келүүчү Америка Голивуд актерлерун чакыртып келип тартышыбыз керек.
Мисалы, "Иисус Христос" кинофильмди эң жакшы актер тартылгандыгы үчүн, ал актерду Рим папасы чакырып туруп, "Сен Иисус Христос Кудайдын образын эң жакшы образ кылып бердиң, киного тартылдың эми сен эл арасында такыр көрүнбөшүң керек, Кудай деген элге көрүнбөйт, эми сен мобу 5 миллион АКШ долларын алып, ушуну менен жаша сага өмүр бою ушул акча жетет. Мындан ары Канарский аралга барып эл көрүнбөгөн жерге барып жашашың керек" деген талапты койгон.
А эгер Семетейдин ролун бир кыргыз актер аткарып калса, кино тартылгандан кийин, ал адам ресторандарда же тойлордо кокустан терс адам мүнөздөрүн элге көргөзүп калса, анда эл "Ээ, койгулачы силердин Семетейиңер мас болуп мушташып же адамдар менен кармашып жүрөт" деп эл кеп кылышат. Семетейдин образы ошону менен жокко чыгат. Ошондой образды жараткан Семетей, Манас же башка каармандардын кимге кереги бар, ошондой жагдай бизге керекби. Ошон үчүн эгер кино жакшы тартылып калса, ал Голливуд актёрлору да көрүнбөй Америкага кетип калышат.
Ал эми Акай Кинени киного аралаштырып же кеңешчи кылып кереги да жок. Ал болгону Тоолдуу-Алтай шаарынын педагогикалык окуу жайына тапшырып, башталгыч класстар билимин бүтүргөн, болгону старший пионер вожатый болуп иштеген анан религия багытына өтүп, Түрк элдерине курултай өткөргөнгө аракет кылып келүүдө, болду башка эч нерсеси жок. Мен ал Акай Кинени абдан жакшы билем. Аны менен бирге мен "Алтай -Ала-Тоо Айкөл Манастын түбөлүк жолу" деген идеяны мага берген. А бирок ал идеяны толугу менен 40 чорону түптөп Алтайга Манастын туулган жерине барып келип, ал тууралуу "Алтай - Ала-Тоо Айкөл Манастын түбөлүк жолу" деген 26,7 басма табак көлөмүндө китепти жазгам.
Кокустан Алтай Республикасынын жазуучулары жана башка интеллектуалдык деңгээлдеги адамдар билип калышса, алар арты менен күлүп кыргызды шылдың кылышат.
Мындай жагдай кыргызга керекби, бул дагы бизге кереги жок. Кыскасы "Манастын уулу Семетей" деген кинону тартууга такыр тыюу салыш керек. Туура түшүнгүлө", -дейт тарыхчы.
Булак: NazarNews.kg