www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан"* радикалдык кыймылы Афганистандын бардык чек ара бекеттерин көзөмөлгө алды. Бул тууралуу Associated Press агенттигине саясатчылардын бири кабарлаганын РИА Новости жазды.

Ага ылайык, эми өлкөдөн Кабулдагы аба майдан аркылуу гана чыгып кетүүгө болот.

Афганистанда абал курч, "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Мазари-Шариф жана Джелалабад шаарларын  басып алды. Акырындан Кабулга дагы чабуу коюп келе жатышат.

Кээ бир маалымат каражаттары "Талибан" кыймылына таянуу менен бүгүн "жеңиш жарыялана турганын" жазышууда.

"Талибан" ислам өкмөтүн түзүүнү көздөп жатат, расмий Кабул буга макул эмес. Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

 

 


 

Последние новости