www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмамбет Шыкмаматов өзүнө козголгон ишти саясий заказ деп билдирди.

Башкы прокуратура «Ата мекен» фракциясындагы депутаттардын туугандары тѳлѳгѳн салыктары жѳнүндѳ маалыматты сурап Мамлекеттик салык кызматына кайрылды.

Башкы прокуратуранын айрым депутаттардын туугандары төлөгөн салыктары жөнүндө маалымат сурап Мамлекеттик салык кызматына кайрылганын Би-Би-Сиге аталган кызматтын басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин Сазыков ырастады. Анын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы тийиштүү депутаттарга байланыштуу маалыматты 2005-жылдан бери карап тактап берүүгө тийиш.

Башкы прокуратуранын тизмесинде кайсыл депутаттар бар экенин Мамлекеттик салык кызматы ачыктаган жок. Бирок жергиликтүү агенттиктер тараткан маалыматка караганда, бул тизмеде негизинен "Ата Мекен" фракциясындагы депутаттардын туугандары жазылган.

Бул маалымат аталган фракциянын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго каршы кылмыш иши козголгон убакта чыгып отурат. Башкы прокуратура аталган депутат Эсеп палатасында иштеп турганда туура эмес өткөн тендерге катышы бар деген негизде кылмыш иши козгогон. Алмамбет Шыкмаматов өз кезегинде бул иште анын эч кандай күнөөсү жок экенин Би-Би-Сиге билдирди.

"Тендерге эки компания катышып, "Барат-Мерседес-автомобиль" деген компания утуп алган. Ошол убакта беш "Мерседести" сатып алып жатканда, анын баардыгы "Барат-Автомобилдин" менчиги болчу. Менин аялымдын менчиги эмес болчу. Ал менин аялыма качандыр бир илгери таандык болгон машина. Бул жерде саясий иш экени айдан ачык эле көрүнүп турбайбы. Үрөйдү учурган, миллиарддаган сом чыгым кылган коррупциялык схемалар менен күрөшүп, айыптарын ачып атсак, ошолорду айтасың деп кайра айткан кишиге иш козгоп атпайбы",-деди Алмамбет Шыкмаматов.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Ѳмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда тирешүү башталганына жарым жылдан ашык убакыт өттү. Текебаев Атамбаевдин үй салууга сатып алган жери мыйзамсыз экенин билдирип, ошондой эле канча байлыгы бар экенин, аны кайдан жыйнаганы жөнүндө маалымат топтоп жатканы белгилүү.

Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Ата Мекен" фракциясындагы башка депутат, мурдакы башкы прокурор Аида Саляновага издөөдө жүргөн Елисеевге учурунда адвокаттык лицензияны мыйзамсыз түрдө узартып берген деген негизде иш козгоп, аны суракка алып жатат. Анын артынан эми Алмамбет Шыкмаматовго иш козголду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бир эле учурда "Мегаком" компаниясынын акцияларын оффшордук компанияга сатууга "Ата мекендин" үч депутатынын тымызын аракети болгону жөнүндө ишти иликтеп жатканын айта кетүү керек. Алар Белиз өлкөсүнөн келген документтерде үч депутаттын аты жазылганын негизги далил катары көрсөтүп жатышат. "Атамекенчилер" өздѳрү да иликтөө жүргүзүп, Белиз өлкөсүнѳн алынган далилдер комитет тараткан маалыматты жалганга чыгарып жатканын билдиришкен.

Булак: "bbc.com"

Последние новости