www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламатсызбы Роза, алгач өзүң,  үй-бүлөөң жөнүндө кененирек айта кетсең?

Саламатсызбы, мен Кара-Кулжа районунун Алай-Куу өрөөнүнө караштуу Сай-Талаа деген айылда 1996 жылы 8-январда жарык дүйнөгө келгем.  Үй-бүлөөдө  алты бир туугандын, төртүнчүсү болом. Атам Салибаев Мамытбек байланыш тармагында үзүрлүү эмгектенген, учурда мугалим, апам болсо Суранбаева Атыргүл 20 жылдан ашык мугалимдик кесипти аркалап келет.  Ар дайым изденүнүн үстүндө жүрөм, көптөгөн ийгиликтерди багындыргым келет, буюруса ал нерселер да болот жана “жөнөкөйлүк адамдын жылдызы”-дегендей  дайыма жөнөкөй, бирок күчтүү инсан болууга аракет кылам

-Бул чөйрөгө кантип аралашып калдың?

Мага жагат. Анын үстүнө бой, салмак жана келбетим дагы талапка жооп берет десем болот. Кичинемден бери эле фотосессияларга катышып, подиумдарда баскым келчү, жана сыналгыдан мода жумалыктарын көп көрөөр элем. Анан кантип ошол нерселерден таасир албай коем? Анын үстүнө жакындарымдын көпчулүгү сенде баары бар, эмне үчүн жүрөсүң, чыкпайсыңбы эл алдына деп айтышып, кээ бири урушканга чейин барат. Көңүл коюп чын ниетимден аракеттенип баштаганыма 1 жыл да боло элек, “Кыбыраган кыр ашат”- болуп акырындык менен бул чөйрөдө дагы өз ордуму таап келе жатам, буюруса мен багынтчу күндөр алдыда...

-Учурда “Сулуулар сынагы” көп өткөрүлгөндүктөн  айрым моделдер ошол жактан чыгып таанымал болушат, буга сенин көз карашың кандай?

Сынактарга катышып кереги жок деп ойлойм. Анын баары азыркы учурда акча менен чечилип калды, чөнтөгүң калыңбы, демек сен “Мисс” болосуң! Конкурстарга катышканда макияж, прическа, көйңөктөр жана сага билет беришет,аны сатып акчасын төлөшүң керек, сата албай калсаң ошонун суммасың  чөнтөгүңдөн чыгарып бересиң, аз-аздан короп атып толтура акчаң кеткенин билбей каласың. Ал сынактарсыз эле кыргыз кыздарынын ар бири сулуу, ажарлуу.  Андан көрө ошол кеткен акчага толтура китеп сатып алып оку, билимиңди, жан дүйнөңдү байыт, курстарга барып жазыл, ата-энеңе каралаш айтоор керектүү нерселерге жумшаш керек деп ойлойм. Адам аракеттенсе сулуулар сынагысыз эле чыкса болот. Болгону кумурскадай эмгектениш керек.

-Атайын моделдик мектепте окугансыңбы жана кайсыл агенстводо иштейсин?

Окуп атканда ден-соолугума байланыштуу бүтпөй калгам, бирок кийин аны улантпадым, себеби  моделге керектүү нерселердин баарын үйрөндүм, сертификат керек деп кызыккан деле жокмун. Бир дагы агенстводо иштебейм, эркинмин десем болот, өз арабамды өзүм сүйрөп келе жатам. 

-Бул нерсени кесип катары кабыл аласыңбы?

Жок, бул мен үчүн хобби. Модель-сулуулукту, жаштыкты талап кылгандыктан жашың өткөн сайын өзүң эле четтеп каласың. Андыктан турмушка чыкканга чейин бул нерсе менен алектенем.

-Социалдык тармактардагы өз баракчандан көп нерселерди жарнамалап каласың, кандайдыр бир сумманы төлөп беришеби?

Туура айтасыз, заман талабына ылайык ошондой болуп калбадыбы. Бири бирибизди жарнамалап колдобосок өсүү кыйын. Мен эч кандай акча албайм, анткени баракчаларымда подписчиктерим кыйратып деле көп эмес, популярдуу жылдыз эмесмин, ошондуктан суранышкандарын бекер эле жүктөп коем. Бирок дизайнерлер көйнөктөрүнөн мага скидка кылып, кээде бекер бирип, айрымдары кандай шартыңды аткаралалы дегендер да жок эмес.   

-Рахмат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости