www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйшөмбү-Чанак унаа жолундагы «Истиклол» өтмөгүндө ондогон адам кармалып турат. Арасында кичинекей балдар да бар. Ошондой эле  Худжанддан Дүйшөмбүгө бараткан 80 адам кар туткунунда калды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинен билдиришти.

Куткаруучулар аларды коопсуз жайга жеткиришти. «Истиклол» өтмөгүндө ондогон унаа кармалып турат.

«Бүгүн эртең менен биздин кызматкерлер кооптуу жайдан 17 жүргүнчүнү эвакуациялап, аларды «Истиклол» өтмөгүнүн ичине жайгаштырышты, арасында кичинекей балдар да бар. Туннелде азык-түлүк жетиштүү», - деп билдиришти куткаруу иштерине катышып жаткан IRS жол компаниясынын өкүлдөрү.

Учурда кар көчкү түшкөн Дүйшөмбү-Худжанд жолу жабык. Андан сырткары Дүйшөмбү-Хорог унаа жолунда чектөө киргизилди. Анда жолго тоотектери урап түшкөн.

Ал ортодо кар көчкү алдынан IRS компаниясынын үч кызматкеринин сөөгү табылды. 18-февралда аталган жолду кардан тазалоо маалында компаниянын жети кызматкери көчкү алдында калган: төртөөсү кечээ куткарылса, үчөөсүнүн сөөгү бүгүн табылып отурат. Расмий маалыматтар боюнча ушул жылдын январында эле өлкөдө 250 кар көчкүсү түшкөн.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости