www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чогуу кызмат өтөгөндөрдү атып өлтүргөн жоокер Рамиль Шамсутдиновдун атасы баласы менен жолукканын айтып, орусиялык маалымат булактарына интервью берди. 

Салим Шамсутдиновдун айтымында, баласы атасынан эмне үчүн орусиялык аскерди мактаганын сураган.  “Ал мени көпкө карап, унчукпай турду. Анан “Ата, эмне үчүн мен бул жактамын? Мен бул жакта эмне кылып жүрөм?” деп суроо берди”, -дейт атасы.  Шамсутдиновдун айтымында, ал баласына дайыма ар бир эркек кызмат өтөш керектигин, Орусиянын аскери жакшы экенин, ал жакта офицерлер жоокерлерге жакшы мамиле кылышарын айтып келген. 

“Ал эми азыр мен унчукпай турдум. Ага мындай абалга кантип түшүп калганын түшүндүрүп бере алган жокмун”, -дейт Салим Шамсутдинов. 

Эске салсак, 25-октябрда Орусиянын Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер ага берилген табелдик курал менен чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерди атып, качып кеткен. 

Каргашанын кесепетинен ок тийген жети жоокер окуя болгон жерде мүрт кетишсе, дагы бирөөсү ооруканадан өзүнө келе албай каза болгон. Дагы эки жоокер жеңил жаракат алышкан. 31-октябрда соцтармактарда жана ютуб каналында Шамсутдиновду офицерлер (балким офицерлер шыкаган жоокерлер) чектен ашып кордоп жаткан видео тараган. Анда аны жыпжылаңач чечиндирип алышып, даараткананын унитазына башын салдырып, уруп-тээп, андан соң эки колун байлашып, көмкөрөсүнөн жаткан абалда үстүнө заара кылып жатышканын көрүүгө болот. Жондору алган жаракаттарынан улам бүт жери кан болуп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости