www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист, «БеспределKG» плагинин администратору Автандил Жоробеков мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин командасы менен келишим түзүп, анын негизинде азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүн кескин сындап келген. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, Reporter.kg маалымат агенттиги бүгүн, 29-ноябрда жазды.

Буга улай КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева ал маалымат жалган экенин, мисалы жеке өзү Жоробеков менен тааныштыгы жоктугун айрым агенттиктерге билдирди.

24-ноябрда УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу “А.Ж.” кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени тууралуу, 27-ноябрда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирүү тараткан. Бирок, анда ал ким экени айтылган эмес болчу.

2019-жылдын 25-ноябрында “А.Ж.” КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касташууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген. Кийин ал «БеспределKG» плагинин ээси Автандил Жоробеков экени белгилүү болгон.

Ал эми соттук өндүрүштүк иштердин алкагында кечээ, 26-ноябрда Биринчи май райондук соту Жоробековду 2020-жылдын 24-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камоо өкүмүн чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости