www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кийим сатыш үчүн модага айлантып, анын маанисин эмес товарды, продуктыны сатууга умтулуудабыз! Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек уулу өзүнүнү Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Достор, кыска юбка, сандар, эт жана дин...

Мен көп учурдан бери динди элге жеткирүү, элдин диний сабаттуулугун өстүрүү жолдордун, алардын таасирлүү методдорун карап көп суроого жооп таба албай келгем да...

Кыскача айта турган болсом, ким кандай дин тутат, кандай пикир калтырат, көз караш билдирет өз эрки дейли бирок атайын диний багыттагы блог алып баргандар, бизнес кылгандар, кайрымдуулук менен алектенгендерди өлкө коопсуздугу үчүн бир ирээтке келтирчү механизмдер болбосо, сабатсыздык жана кыска түшүнүктөрдүн келечекке болгон таасири, залакасы өтө чоң болчудай.

Маселен акыркы учурларда өтө көп диний блогторду, маалымат булактарын кездештирип келебиз. Ошолор эгерде ар бир видеосун чыгараарга чейин атайын муфтият тарабынан верификациядан өтүп турса балким эл көрө турган видеолорду да талдап калаар беле, ал эми эч кандай текшерүүсүз, өз билемдик менен динди талдап маалымат тараткандар менен укук коргоо органдары иш алып барганга дагы жеңил болоор беле...

Исламдын канча агымы бар экенин, анын ар бирин туткан адамдардын саны канча, өсүп келе жаткан муунга, жаңы дин менен таанышып жаткан адамдардын катмарына учурдагы эң маанилиүү диндин маалымат саясаты кандай таризде, улуттук баалулуктар, мамлекеттин саясий багыты кандай камтылып жатат деген суроого азыр эч ким жооп бере албаган учур экен.

Кийим сатыш үчүн модага айлантып, анын маанисин эмес товарды, продуктыны сатууга умтулуудабыз!

Элестеткиле бир диний аалымдын сөзү үчүн коомдо кандай талкуу жаралды, эгерде атайын диний кагылыш же болбосо атайын мусулманчылыкты саясий процесстерге аралаштырууну көздөгөн күчтөр болсо, алардын максаттуу багытталган ресурстары сарптала турган болсо абалыбыз кантет?

Эмне себептен диний багыттагы китеп, журнал же буклеттер муфтияттын уруксаты жок чыгарылбайт да, электрондук маалыматтык булактарынын көзөмөлү калып кеткен?

Биз коомдо кайсыл тармакта көйгөй жарала турган болсо аны ыкчам чечүү жолдорун иштеп чыгып, кийин ката кетпей тургандай алдын алуу жолдоруна өтүү саясатын карманышыбыз керек, болбосо баардык жерде каша, жоопкерчиликсиз, эл баягы эле проблема менен жалгыз калып кеткендей...

Сунуш катары биринчиден дин тууралуу маалымат таратып жаткан, аудиториясы бар диний кызматкерлер, жарандардын баардык маалыматтары атайын верификациядан өтүп, жоопкерчилик ошол уюмга жүктөлсүн», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости