www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуяны тээ бала кезде кошуна кара кемпирден уккам. Керээли–кечке эшик алдында тарамыштуу арык колдору менен ийигин чимирилтип, ийик менен кошо кыял минип өткөн күнүндө сапарда жүргөндөй тунжурап отура берчү. Эч ким атын да, жашын да билчү эмес, жөн эле “Кара кемпир” деп коюшчу. Бул, балким, кемпирдин эч кимиси жоктугунан чыгаар. Негедир адамдар кемпирден качкансып, эч ким аны менен катташып, байланышчу эмес, ал тургай балдарын да жибербей тыйып турушчу. Балага эмнени жашырса ошол кызыктуу эмеспи. Мени ушул унчукпаган, эч кимди бар–жогу, ач–тогу кызыктырбаган кемпир өзүнө тартып, сүйлөшкүм келе берчү. Ал жөнүндө билгим келчү. Кантип эле аты кара кемпир болсун? Өз аты, өз тагдыры бар чыгаар.  Бир күнү адатымча үйүн айланчыктап жүргөм. Кемпир бүгүн негедир күндөгү ордунан көрүнбөдү. “Кайда кетти, а балким ооруп калгандыр”. Көз алдыма кемпирдин ооруп, ысытмадан чабалактай онтоп, суу берээр эч ким жок оозу кургап жатканы элестеп кетти. Кашаанын эшигин тартсам бек, үстүнөн секирип түшүп, үйүнө кирип бардым. Жепирейген тамдын ичи жарыктан киргенгеби капкараңгы болуп эч нерсе көрүнбөдү.

“Ким?” – деди киркиреген алсыз үн. “Мен Жакыпмын, чоң эне”. “Кайсы Жакып?” – деди коркконсуп. “Кочкорбайдын баласымын”. “Ии, өмүрүң узун болсун”. Кемпир ушинтти да унчукпай калды. Көзүм көнүгүп, үйүнүн ичи көрүнө баштады. Жерде колго жасалган эски таар, ортодо темир меш, тигиндейрээкте текчеде жыгач кесе, чөмүч, анан эшикке жакын жерде тулгада ичинен бери капкара казан асылып турат. Үйдүн ичи жупуну болсо да таптаза, жайлуу, анан мемиреп жылуу экен. Кемпир капшытта жуурканга оронуп жатыптыр.

- Кел уулум, өт мындай, – деди акырын. Жанына коомай отурдум.

- Күн бүркөөбү? – деди да тарамыштуу колдору менен колумду сылай кармады. Колдору ысык, жумшак экен.

- Ооба. Кемпир колумду коё бербегени менен менин бар экенимди унутуп калгандай шыпты тиктеп жата берди. Же туруп кете албай, же отура бере албай ыңгайсызданып тыбырчылай баштадым. Кемпир күтүүсүздөн сүйлөй баштады.

- Мен анда куду сендей болчумун. Апам каза болгондон жыл айланбай атам суйкайган жаш келинге үйлөнүп алды. Суйкайганы курусун, тили заар, ичи тар, кыялы чырт этме жеңил жан экен. Демейде аялга катуу, орой атам кайрадан жасап койгондой өзгөрдү. Жаш аялынын көзүнүн кареги менен тең айланып, өзүнүн ордун унутуп койду. Мага күн көрсөтпөй уруп, жумшай бергенинен атама арыздансам, “айтканын жаса да анан” деп, кагып салды. Ошол бойдон экинчи арызданмак түгүл, ыйлаганымды көрсөтпөй калдым. Бир жолу өгөй энем “уйду ийитип бер” деп калды. Уй ийигенде торпогуна алым жетпей, тартып байлай алсамчы. Өгөй энем болсо мисирейип карап турат.

- Тарт сетер, ээмп коймой болду! - деди ачуу чаңырып. Менин тарткылаганымды килейген торпок тоотуп да койбой эме берди. Мен торпокту тарта албай жатсам, ал болсо мени башка көзгө койгулап чаңырып жатат. Биздин ызы-чуудан атам сыртка чыга калды. Атамды көрүп “азыр тигини урушат го” деп шердене торпоктун жибин коё бердим.

- Эмне болду? – деди атам.

- Ой, мобу көк бет, торпокту тарт десем тартпай жатпайбы көгөрүп. Өгөй энемдин каратып туруп калп айтканынан не дээримди билбей аптыгып калдым. Атам мени желке чачыман кармап туруп түртүп жиберип, торпокту бир булка тартып байлап койду. Мен камгактай делбектеп барып чөптүн бурчуна тизелей отуруп калдым. Эгер чөп болбосо тизем айрылып кетмек. Ызаман өксүп ыйладым. Атам болсо аялына бирдемени эркелете сүйлөп, экөө менин ыйыма көңүл буруп койбой, жылмаңдап тура беришти. Атам биринчи жолу аябай суук көрүнүп, жек көрүүм кичинекей жүрөгүмө батпай чыкты. Көз байланып кетсе да үйгө кирбей чөптүн оюгунда жата бердим. Жайдын аптабы кайтып, түн мемирейт. Асманга кадап койгонсуган жылдыздар миң кубула жылтылдайт. Жылдыздар кандай бактылуу. Дайыма бийикте, дайыма сулуу. Аларга эч ким жетпейт, эч ким урбайт. Курсагым ачып жатып уктап кетиптирмин. Өңүмбү, түшүмбү билбейм, жаныма эки жигит келди да “тур” дешти жылуу карап. Мындай мээримге көптөн бери суусап жүргөн жаным  ордуман элпек турдум. “Жүр биз менен” –дешти алар. “Каякка” дебей эле ээрчип жөнөдүм. Тоо-ташты аралап жүрүп отуруп, бир оокумда бир үңкүргө кирдик. Үңкүрдүн ичи жайнаган шамдардан күн тийгенсип жаркырайт. Тээ төрдө таштан жасалган секичеде сакалы белине жеткен аксакал абышка отуруптур.

- Мына алып келдик – деди жигиттер мени көрсөтө. Карыянын көздөрү аябай терең, анан мээримдүү экен.

- Өтө эле жаш, бала бойдон тура, бул сактай албайт го. Адашып калыпсыңар-деп, саамга булуттай сакалын сылап ойлоно түштү да –мейли эми, буйрукка айла жок. Келегой, кызым, жакын кел, - деди мээримдүү. Жанына тарткынчыктай басып бардым. Колуман коомай кармады. Колдору жупжумшак, анан аябай жыпжылуу экен. Кечээ чака тийген жерим ооруп кетти. Абышка аны сезгендей аяр сылап, ал сылаган сайын ооруган жерлерим жыргай, ооруну сезбей калып жатты. Бир убакта абышка жанындагы кандайдыр оймо-чиймелер менен жазылган китептин ичинен ак куунун моюн жүнүндөй апакай үлбүрөгөн тыбытты алып чыкты да алаканыма аяр карматты.

- Муну үч жыл этиет сакта, жоготпо. Жоготсоң өзүңө эле жаман болот, – деди олуттуу. Анан мени эки жигит алып жөнөштү да ордума жеткирип коюшту. Эртең менен өгөй эненин заар үнүнөн чочуп ойгондум. Ойгонуп эле түшүмдү эстеп алаканымды карасам түшүмдөгү тыбыт колумда жүрүптүр. Апкаарып коркуп кеттим. Бекем кармап, сыртка атып чыктым. Энем адатынча ары-бери жумшап кирди. Мектепке баратып тыбытты жаздыгымдын алдына кагазга ороп катып койдум. Сабактан шашып келип эле тыбытты карайм. Ордунда экенин көрүп жүрөгүм жайланат, көпкө кармап отурам. Ошол тыбыттан кадимкидей жылуулукту, кандайдыр күчтү туюп, өзүмдү да аябай күчтүү, ишенимдүү сезип калам. Арадан жылдар өттү. Күттүргөн үчүнчү жыл. Мен чоңоюп калгангабы өгөй энем бура бастырбай кайтарып, ар бир кыймылымды аңдый берчү болду.

- Суйкайган кара бет ойсоктобо. Көзүңдү оюп коём-деп болоор-болбоско эле асыла берет. Бир күнү тыбытты алып карап отуруп, кирип келгенин байкабай калыптырмын.         

- Эмне дүлөйсүңбү, чакырсам укпайсың, – деди ачуу бүркүп. Шашканыман тыбытты артыма ката койдум.

- Алдагы эмне?

- Жөн эле – деп бекиткенче шаштым.

- Ии, кат жазыша баштадыңбы?

- Жок, эме бул, тим эле. - Не дээримди билбей күңк-мыңк деп сыртка чыгып кеттим. Ошол күнү мени өгөй энем кечке аңдыды. Кечинде тыбытты кагазга ороп китептин ичине салып, жаткан төшөгүмдүн эң алдына катып койдум. Мектепте экинчи сабактан кийин отура албай, өзүмчө эле жүрөгүм опкоолжуп алып-уча берди. Сабактын ортосунда кимдир бирөө “үйгө чурка” деди дал кулак түбүмдөн. Эжейдин кыйкырганына, сумкама карабай үйгө чуркадым. Кирип барсам мен жаткан үй, керебет чачылып жатыптыр. Дароо тыбытты издедим. Жок. Сыртка атып чыксам өгөй энем очоктун боюнда менин күндөлүгүмдү, китептеримди жыртып жагып жатыптыр. Тыбытты салган китеп да жерде жатат.

- Эже, – деп, чаңырып жиберсем чочуп кетти да, мени көрүп заар жылмайды.

- Ии, чилистен болоюн дедиң беле, жазмачысын кантейин мунун. Ал булкуна сүйлөп тыбыт салынган китепти колуна алды.

- Эже, алдагы китепти бериңиз – деп жалынып жибердим.

- Сен окумал болбой тиричиликти жаса, оокат кыл. Ал менин жалынып талашканыма болбой китепти отко салып жиберди. Ачуу чаңырып отко бой таштадым. Өгөй эне мени түртө салып, китептеримдин баарын отко ыргытты. Өксүп ыйлап жаттым. Кулагыма абышканын “өзүңө жаман болот” деген үнү жаңырыктап кетти. Ошол күнү өгөй эне канчалык какшанып тилдебесин, чымчыбасын ордуман турбай көгөрүп жата бердим. Ыйлап жатып түн оогондо уктап кетипмин. Уйку-соодо баягы жигиттердин келгенин туйдум. Баягыдай мээримдүү эмес сүрдүү, түрлөрү нааразыдай. “Жүр” дешти жаңдап. Ээрчип жөнөдүм. Баягы тааныш үңкүргө алып келишти. Абышка мени ушундай бир аяган, кейиген, нааразы көз менен карады. Ыйлайын десем жашым түгөнүп калгандай. “Аа балам ай, балам орус китептин ичине салбай, ишенимдүү жерге койсоң болмок. Жаш экен, сактай албайт дегем. Болбостур эми болбостур. Өз убалың өзүңө”- деди да ары карап басып кетти.  Айлана заматта караңгылыкка чөгүп,  коркконуман калтырап  бет келди качып жөнөдүм. Ойгонуп кетсем бүт денем ооруп, терге чылана шалдырап калыпмын. Ордуман козголо албай жата бердим. Эртең менен өгөй энем какшана сүйлөнүп кирип келип эле, кайра чаңырып качып чыкты. Мен эмне болгонун түшүнгөн жокмун. Атамдын эле “Эмне болду, өзүңө келчи, көзүңдү аччы” деген үнү угулат. Туруп барып терезеден карасам, өгөй энем көздөрү чакчая мен жаткан үйдү колу менен жаңсап көрсөтүп, сүйлөй албай туттугуп, атам болсо эч нерсеге түшүнбөй нес. “Үйдөн бирдеме көрүндүбү” - деп эки жакты карасам эч нерсе жок, баары жайында. Бурула берип күзгүдөн өзүмдү көрүп коркконуман кыйкырып жибердим. Күзгүдөн баягы он беш жаштагы апакай солкулдаган сулуу кыз эмес, күйгөн чычаладай капкара, чачы куудай кемпир карап туруптур. Өз көзүмө ишенбей бети- башымды кармап жибердим. Колдорум да тырыш-бырыш. Өгөй энем жарым эс болуп калды. Атам жыл айланбай көз жумуп, мен жалгыз калдым. Ошондон бери жалгызмын. Адамдар менден жезкемпирдей коркушат.

- Азыр канчага чыктыңыз?

- Кырк жетидемин.

Чачы куудай, жүзүн бырыш баскан, күйгөн чычаладай капкара кемпирди эч ким кырк жетиде деп ойломок эмес. Көздөрү гана сакталып калыптыр. Карагаттай мөлтүрөп жалжылдап турат, бирок муңдуу, армандуу.

- Мен келип турам, – дедим боорум ооруп. Кемпир унчукпады.

- Атыңыз ким?

- Атым Нуркыз. Экөөбүз көпкө отурдук. Бир оокумда кемпир ордунан туруп талканды каймакка көөлөп берди да.

- Барагой эми атаң-энең издеп калбасын, - деди муңайым карап. Үйгө араң кеттим. Азыр дагы Нуркыздын ошондогу турпаты, армандуу көздөрү көз алдымда.

Ж. Кочкорбаев, Кара-Суу району,

Булак: "Сырдуу дүйнө”

Последние новости