www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ аэропорттун жоопкерчилиги каралган жыйын болуп, депутат Момбековдун берген суроолору жоопсуз калды. Депутат Момбековдун айтуусунда кечке маал аэропорттун жетекчилигине Чукуев коюлду деп, Кабар КЖден угат. Эртеси эртең менен Бегалиев болуптур, анан эле аз убакыт өтпөй Бусурманкулов коюлуп калыптыр.Бул кандайча болду?- деген суроого, жооп бере албаган аэропорттун жоопту кызматкерлери ар тараптуу сөздөрдү айтып тантыраганы депутат мырзанын ачуусун келтирип, кызмат ордун ээлеп олтургандарга нааразы экени билинди.

Айткандай аэропорт эки жолу сатыкка коюлуп, сатылбай калганы элдин эсинде болсо керек. Эми ишти алдыга жылдыруу үчүн кредит алганы жатышкан экен, саляркага кеткен карыздан кутула албай жатып, кредитти алып эмне кыласыңар?- деп дагы сын айтылды.

Бирок, бул эми жөн гана айтылган сөздөр. Андан дагы “бир самолёттун керектөөсүнө элүү миң сом кетет деп атып, отчёто 200миң сом кетет” деп жазылганы да кыңыр иштин катылып жатканынан дайын болуп, жаман катуу шаштылары кетти.

Анан кантип аэропорттун иши алдыга жылмак эле, көз көрүнө алдап жатышса.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости