www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жаза аткаруу тутумунун мекемесине баңгизатын ташыган шектүү жаран кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы) ыкчам кызматкерлери тарабынан жазык аткаруу тутумунун мекемесине баңгизатын ташыган шектүү жаран кармалды.

2017-жылдын 31-декабрь күнү болжол менен таңкы саат төрттөр чамасында белгисиз адамдар тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин аймагына баңгизатын ыргытышкан. Белгисиз адамдар уруксат берилбеген предметтерди ыргыткан соң издерин жашырып качып кетишкен. Баңгизаттар белгисиз адамдардын көздөгөн жерине жетпей, мекеменин ички аймагына түшүп калып, көзөмөлдөөчү жеринен желим бөтөлкөгө салынган жашыл өңдөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

Бул боюнча 1995-жылкы шектүү кармалган.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости