www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Деги эле Атамбаевден төпөш жеген атка минерлер көп. Илгери Бекмамат Осмонов деген райком болгон, иштебеген раистерди алып кирип мурдун канжалата койчу экен. Ага салыштырмалуу Атамбаев ичине бирдеме кирип калса жинин Иса Өмүркулов, Канат Исаев, Кашкар Жунушалиев, Өмүрбек Бабанов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кожобек Рыспаев сыяктуу көркоолордон чыгарчу, буларды көргөндө кучунашы кармап кетчү экен.

Генералдарды бүт топтоп алып, ал кездеги Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди генералдардын көзүнчө төпөштөгөн дешет. Атамбаевдики натура болгон, кол алдындагылардын көзүнчө министрдин шагын сындырган. Учурда Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармадым деп үнү заңылдап турат. Арийне, соц. тармактарда  анын саясий салмагы нөлдү карап, көпчүлүк эртең кете турган министрдин катарына кошуп жатышат. Кашкар мырза Атамбаевдин учурунда ал канча ургулап-соккулап жатса да кыңк этпей, зыңкыйып туруп берчү дешет. Атамбаев “мишенине” айланган Жунушалиевден тажаса керек акыры министрден кубалап жиберип ордуна “телохранители” Улан Исраиловду алып келген.

Баса, Ельцин да ичип алып генерал Путинди сабагысы келген дешет. Бирок Путин “генеральский честь” деп сабаттырбай коюп Ельцинге жагып андан кийин президент болгон. Биздин генералдар сабаса сабасын, эптеп кызматта калайын деп туруп беришет. Генералдардан кол кайрыган Шамил Атаханов гана болгон. Башкалар тууралуу дагы сөз болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости