www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев кадыры жоктор менен калабы?

31-октябрда КСДП партиясынын саясий кеңеши парламенттеги аталган партиянын фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышканы белгилүү болду. Алардын мындай чечим кабыл алганына «Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылды» деген шылтоону айтышты.

Ачыгын айтканда, акыркы учурларда КСДП партиясы өзүнүн катарынан белдүү мүчөлөрүн жоготууда. Ушул эле Иса Өмүркулов аталган партиянын катарында узаак жылдардан бери карай ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жаткан. Ал Акаевдин маалында, Бакиевдин убагында да партиянын кызыкчылыгын сатпай, принциптен тайбай келген. Бирок, тилекке каршы партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев чыныгы санаалаштарын, партиянын чыныгы күйөрмандарын өзү эле өз колу менен жок кылууда.

Иса Өмүркулов партиянын максаттарына жана уставдарына каршы эч кандай иш кылган жок. КСДПнын мындай билдирүүсүнө И. Өмүркуловдун «Атамбаевсиз КСДП» аттуу ураандын алдында конференцияларды өткөрүп келаткан партиянын эски мүчөлөрүн кабыл алып, алар менен жолугушканын айтып жатышканы түшүнүктүү. Муну партиянын максаттарына жана уставдарына каршы жасалган иш деп ким айта алат? Уставдын кайсыл жеринде ушинтип жазылып турат экен?

Айтор, экс-президент А. Атамбаев КСДП партиясын өзү түптөгөн болсо, эми минтип өз колу менен «муунтуп» жок кылганы калды. Партияда диктатура орнотом деп атып, элдин ишениминен да кетти. Кыязы, ал жалаң өзүнө окшогон шылуундар менен гана партияда калып, чогуу иштешебиз деп жатса керек.

Последние новости