www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Картөшкөнү көп жыйнап алып эми дыйкандар эмне кылар айласын таппай жатат. Ал тургай ордунан төрт сомго бир килин саталбагандар бар экендиги жүлүнүңдү сыздатат. Кредит алып, карыздап эккен түшүмүн соодалай албай убара болгон элеттиктердин көйгөйүн жоготууга деги жараган өкмөт барбы деген суроонун тегерегинде кептер жүргөнү менен реалдуу жардам бере албай жатпайлыбы, кашайып.

Ал эми экрандан түшкүсү келбеген академик Жамин Акималиев болсо айыл чарба министри Н. Мурашевди эле үстөккө-босток тепкилеп жатып калды. Министр болсо кызматка жабышпай турганын, чамасы чак келген кадр табылса жумушун таштап кетерин ачыктады. “Мойнунан байланган ит ууга жарабайт”- деген кептин өтөлүнө чыгып өкмөт башчы маселени чечип койсо деле болоттур? А бирок, ушул бечел тармакты гүлдөтөм деген өтөлгөлүү кадр табылабы, кеп ошондо. Ант бергенине курсант болуп бир жыл сүйрөлүп иштеген кадрдын азыр эч кимге кереги жок. Кана, кыйындар барсыңарбы, чыккыла шапкени көзгө түшүрбөй, элге жүздү көрсөтүп…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости