www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев жөнүндө айтып отурсаң сөз бүтпөйт. Бардык маселе ага барып такалууда. Нарын облусундагы Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кендин чыры да ага байланыштуу болууда. Аталган жайлоодо малдын кырылып калганы социалдык тармактарга 15-июлда тараган. Эл малдын өлүмүн ал жерде иштеп жаткан алтын кенден көрүшүп, жабылышып талап кылып келишүү. Бирок, алардын үнүн уккан эч ким жок.
Көрсө, сөз болуп жаткан алтын комбинатты куруш үчүн “Jhong ji Mining” компаниясы (2012-жылы эле) чалгындоо жана кен казуу үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензия алып, жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алыптыр.
Ага ким уруксат берген? Баягы эле Атамбаев. Тагыраак айтканда, 2011-жылы, 26-августта Нарындагы Эмгекчил айылынын тургундары “Солтон-Сары” алтын кенин кытайлыктар иштетип жатканына нааразыланып, ишканадагы үч милиционерди жана кытайлык үч жумушчуну сабап салышкан.
Ошол жаңжал боюнча, андагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев 29-августа Нарынга барып, чыр-чатактын чоо-жайын угуп, милиция кызматкерлеринин жана кен иштеткен компаниянын жумушчуларына кол көтөрүү фактысын иликтеп, күнөөлүүлөр жазасыз калбаш керектигин эскерткен.
Андагы жаратылыш ресурстары министри, Нарындын губернатору жана “Кыргызалтындын” жетекчиси кен иштеткен чет өлкөлүк компанияларга лицензия берүү жана кайра чакырып алуу жол-жоболору тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирген. Премьер болуп турганда эле кылганы. Ал эми президент болгондон кийин, жакын адамдарын майлуу кызматтарга коюп алып. алардын колу менен көп нерсени кылды да. Анын бири - Дүйшөнбек Зилалиев. Бу жигит кайсы кызматка барбасын инвесторлорго эң көп (13 компанияга) лицензия берген.
Ал тууралуу УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов тастыктап: «Зилалиев Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы жана вице-премьер болуп турганда болгон лицензиянын үчтөн экиси бөлүштүрүлүп кеткен. Анын ичинде алтын, сууга берилген уруксаттар бар. Көмүр боюнча эле 333 лицензия берилген, — деген.
Ал учурда камакта, камакка алынгандан бери президентке, коомчулукка адвокаттары аркылуу кайрылып жүрөт. Анын кайрылууларынын биринде мурунку, азыркы президенттердин эрегишинен жөнөкөй кызматкерлер жабыркап жатканын билдирген. Бул эмнени билдирет? Демек, кылган нерселеринин баарынын башында Атамбаев турганын билдирет. Атамбаев Кыргызстанды талап-тоноп, сызга отургузганы үчүн жоопко тартылып, камалышы керек!
Кызгалдак ЖАКЫПОВА
Булак: NazarNews.kg