www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан бир-нече мезгил мурун башкача эле, Атамбаевдин короосуна кирип жаткан “агын сууну” бууп, коррупцияга каршы күрөш ачкан Раим Матраимов кызматынан бошотулуп, куугунтукталып, артынан кара бойок, ушак жаап кеткен. Учурда, “Салыгыңды төлөп, сабырлуу жаша” дегендей атаандаштарынын оозунан “ат көтөргүс” ушак угуп жаткан Раим Матраимов, эрдемсинип мактанбай эле тиешелүү салыгын тыйынына чейин төлөп койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Эч кимге акаарат келтирбей, эч кимге колко кылбай эле эле төлөп койду.Фискалдык мамлекеттик орган кокон тыйынына чейин эсептеп чыкты эле Раим Матраимов айткандарын аткарып койду. Биз чыгып жаткан маселелерди укуктун негизинде чечүүгө кадам коюп баратабыз. Мындай жаңы адат сүйүндүрүп жатат.
Өз төшүн каккандар андан үлгү алса болот. Анткени андай “кыйкырчаактар” төлө десе безеленип качышканы менен, башкалардан көп кыйкырышат. Ал эми жөнөкөй салык төлөөчүлөр бюджетти толтуруп жатышат, айлык акынын, пенсия жана жөлөк пулдардын төлөнүшүнө төшүн тосуп берип жатышат. Ошол үчүн эл алдына чыгып алып кыйкыргандан көрө, сөөмөйүн кесеп сөлкүлдөгөндөн көрө, жакшысы ушундай адамдардан өрнөк алып, элдин камын ойлой турган убак келди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»