www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдагы президенттик шайлоодо ал кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев ооз жүзүндө Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогону менен, тымызын Өмүрбек Бабановду колдоого командасын иштеткен экен. Ошол эле С. Жээнбековдун штабын жетектеп жаткандай болгон Фарид Ниязов да Бабановго иштептир. Атайын кызмат дагы, айтор мамлекеттик машина Өмүрбек Токтогуловичтин кызыкчылыгына иштеген тура.

А. Атамбаев Ө. Бабановго «Сен президент болосуң, Сапар премьер-министр болуп чогуу иштейсиңер» деген убада кылат. Ошентип эл көзүнө КСДПдан бирдиктүү талапкер катары С. Жээнбековду көрсөтүшүп, колдоп аткандай түр жараткандары менен баары эле «Бабанов президент болот» деген ишенимде болушуптур.

Анан эле шайлоого чукул убакыт калганда Алмазбек Атамбаев Бабановду болушунча шыбап киргенин коомчулук жакшы билет. Болбосо, 2017-жылдын 1-сентябрына чейин Бабанов тууралуу жылуу гана пикирлерин айтып келген. Алтургай «КСДПнын бирдиктүү талапкери болбосо мен Бабановду колдойт элем» деп жайында берген маалымат жыйынында да билдирген болчу. Ошентип сентябрь айынан тарта эле Атамбаев Бабановдун «Азия Моллду» курушу үчүн кредит алуусуна көмөк кылганын, Пензадагы цемент заводуна да жардам кылганын айтып эле бүтпөй калган.

Көрсө, кептин баары ошол кезде курулуп бүтөйүн деп калган «Азия Молл» соода борборуна байланыштуу экен. Атамбаев Бабановго ««Азия Моллдун» 30%ын 2017-жылдын 31-августуна чейин Раиса Атамбаеванын наамына каттатасың» деген талап койгон тура. Бабанов президент болуш үчүн ага макулдугун берген экен. Бирок, баары бир бизнесмендер «битин сыгып, канын жалагандар» болот эмеспи, соода борбор курулуп бүтүп калганда 30%ды бергиси келбей калат. «Эл мени колдоп жатат, өзүм эле жеңишке жетип алам» деген дымак күтөт. 
Мындай мамиле Атамбаевдин жинин шакардай кайнатат. Ошентип «Азия Моллдун» 30%ын бербей койгону үчүн Бабанов Атамбаевдин колдоосунан кол жууп калган дешет. Ошентсе дагы Фарид Ниязов сыяктуу «жакшы вазирлер» аягына чейин эле «Бабанов президент болот, «кожоюн» аны жөн эле эл көзүнө атайын эле сөгүп жатат» деген ишенимде болушкан экен.

Последние новости