www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев иши бүткөнүн сезди, анткени кечээки досу президент Жээнбеков менен кырчылдашып акча менен Кой-Ташта бир-эки ай элди тамак берип бакты. Арийне, кеткен акчасына ичи өттүбү, кайынагасы коррупционер Андрей Бельяниновду ортого салып Путин менен жолугушту. Путин кыскача: “Көчүгүңдү кыс болбосо сен да камаласың, азыркы бийликти колдош керек”-деп кесе жооп берди. Атамбаевде эки жол калды:

1. Азыркы бийликти колдош керек, анда азыр колдоп турган электораттан айрылат. Эртең алар бетине түкүрөт.

2. Бийликке каршы чыгат, кайра Кой-Ташты дүрбөтөт, анда Орусия бетине түкүрөт.

“Оңго салсаң, өзүң өлөсүң, солго салсаң атың өлөт, бары бир өлөсүң” –деген кеп. Ушуну ойлоп жатып көзүм илинип кетиптир. Түшүмдө Атамбаев Жээнбековго кулдук уруп келиптир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости