www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Ак калпак" саясий партиясынын төрагасы, Улукбек Маматаев, "Путин ким кожоюн экенин көрсөткүсү келди", деп "Фабула" гезитине маек курган.
- Бул маселени эки вариант менен караса болот. Биринчиси. бийлик бул жерден алсыздыгын көрсөттү, чечкиндүү кадамдарга барып камап калса болот эле дегендер да бар. Бирок бул маселеге чет мамлекеттин башчысы, башкача айтканда Путиндин кийлигишүүсү себеп болуп олтурат. Путин мындай кадамдары менен дагы бир жолу ким кожоюн экенин көрсөткүсү келди. Буга ким күнөөлүү?
Албетте, өзүбүз. Суверендүү мамлекетпиз деп жар салып жүргөнүбүз бир тыйынга да татыбай калды. Путиндин кийлигишүүсүнө жол бербесек болмок. Атамбаев сырттан жардам издеп кыргыз элинин бетине түкүрдү. Кыргыз эли мындай көрүнүштөрдүэч качан кечирбеши керек. Экинчиден, мындан ары мындаи көрүнүштөргө жол бербеши керек, деген Улукбек Маматаев.
Булак: NazarNews.kg