www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрель телеканалынан чыгып маек берген экс-президент Алмазбек Атамбаев, өзүн Исхак Раззаков менен салыштырды.

"Азыр мага карата каралоо болуп жатат. Убагында Исхак Раззаковду дагы мендей кылып ылайлашкан",-дейт экс-президент.

Эми туугандар, Исхак ким да, Атамбаев ким? Исхак Раззаков эч убакта кыргыз элине кастык кылган эмес!

Сөзүбүз куру болбош үчүн саясий туткун болуп түрмөдө жаткан Бекболот Талгарбековдун "Атамбаевдин саткынчылыгы" тууралуу жүйөлөрдү факты менен келиштире так келтирип айткан төмөнкү пикирин келтирип өтөлү.

"Атамбаев программасында кыргыздарды өз улутунан баш тартууга үгүттөп, «кыргыз» деп аталыштан баш тартып, аны унутуп башка улуттар менен бирге «кыргызстандык» деп аталууга чакырып келди. Ал максатын акыры жүзөгө ашырып, жаңы паспортто «улуту» деген графаны алдыртып салды.

Мындан сырткары,  Атамбаев кыргыз элинин руханий дүйнөсүнө соккуну Манас атабыздан баштады. Россиядагы иш сапарында — ​«Манас-этникалык жактан орусиялык» деп чыккынчылык жасады. Манастын энеси Чыйырдыны булгар кызы болгон деп чыкты. Анан «Манасты кыргыздар өздөрү өлтүргөн» деп кыргыз элинин жүрөгүнө канжар сайды.

Кыргыз элин жек көрөрүн Атамбаев ачык айтып келди. Ал Жалалабаддык энелерди жектеп, аларды «катындар», «ОБОНдун мүчөлөрү» деп шылдыңдады. Ысыккөлдүктөрдү «каракчылар», «бандиттер» деп мүнөздөдү. Нарындыктарды «ашка жүк, башка жүк», «заараңар менен Нарын дарыясын булгап жатасыңар» деп кордоду. Ал эми Талас калкы Атамбаевдин «Абыке-Көбөштүн тукуму”, «Талас эли-эл эмес» деген мазагына кабылды дейт Талгарбеков.

Раззаков эч убакта элинин ырыскысына кол салган эмес кээ бирөөлөргө окшоп! Элдин байлыгын уурдап мультимиллионермин деп төш каккан эмес!

Ошондуктан өзүн салыштыра турган башка өзүнө окшош инсанды тапса болмок экен! Кааап, деп эле кала бердик...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости