www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шанхай кызматташтык уюмунан кийин саясый оюндар күч алышы мүмкүн. Айрым маалыматтарга таянсак крим төбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылып кетишине буюртманы берген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экендигин, учурда камакта жаткан Аида Салянова көрсөтмө берген.
Эске сала кетсек буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында саясый куугунтукка алынгандар жана депутаттар “бийликти узурпация кылып алган” деген айыптап, “Атамбаев камакка алынышы керек” деген талаптарды айтып келишүүдө.
Алардын катарын Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадырбеков, Бектур Асанов толуктаса, ЖК депутаты Курманкул Зулушев бир нече жолу Жогорку Кеңештин трибунасында айтып келген.
Баса, эл арасындагы маалыматтарга таяна турган болсок жакынкы аралыкта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынаары каңкууланууда.
Булак: NazarNews.kg